Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Биз ардагерлерди эскерип турууга милдеттүүбүз”

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Биз ардагерлерди эскерип турууга милдеттүүбүз”

13-май, 12:00
584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Максатбек мырза, сиз кечээ Балыкчы шаарында Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышкан турбайсызбы. Иш-чара кандай деңгээлде өттү?

-- Эң жогорку деңгээлде өттү. Бул бизге чейин жашап, келечегибиз, бейпилдигибиз үчүн өмүрүн берген ата-бабаларабыздын арбагына таазим деп ойлойм. Азыркы жаркын жашообуз үчүн бабаларыбыз кан майданда күрөш жүргүзүп, урпактардын келечеги үчүн далай азаптарды башынан өткөрүшкөн. Андыктан, биз алардын атын түбөлүккө сактап, эскерип турууга милдеттүүбүз. Кийинки муунда дагы мекенчилдик, Ата журтка болгон сүйүү сезимин ойготуп, тарыхты, ата-бабалардын басып өткөн жолун үйрөтүүчү иш-чара болду. Муну жаш муунду тарбиялоодо тарыхый мааниге ээ деп эсептейм. Мындан ары элибизде тынчтык болуп, согуштардан, апааттардан Кудай сактасын деген тилектерибизди айтып келдик.

-- Азыр Балыкчыдан согушка катышкан ардагелерден көзү тирүүлөрү барбы?

-- Жок. Шаар боюнча он беш чакты ардагерлердин жесирлери, анан ооруктагы эмгекке катышкандар гана калыптыр. Аларга шаардык мэрия тарабынан ар дайым чоң көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет. Кечээ да иш-чарадан кийин аскер бөлүгүндө алар үчүн тамак-аш уюштурулуп, сый көрсөтүлдү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер