Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эжем көзү ачыкка 10 миң доллар берип, мени да, өзүн дагы карызга батырды”

“Эжем көзү ачыкка 10 миң доллар берип, мени да, өзүн дагы карызга батырды”

23-июль, 23:58
2 614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Москвада иштейм. Жакында мени шок кылган окуя болуп, кимге кайрыларымды билбей турам. “Айтпайын” десем ачуум келет, айтсам эч ким ишенбейт. Бишкекте жашаган эжем май айында телефон чалып, “жаман ишке кабылдым, тезинен акча керек” дегенинен эмне кылар айламды таппай калдым. Эки баласы менен ажырашып кеткенине 10 жылдай болгон, ата-энебиз Бишкекте сатып берген бир бөлмө квартирда турчу. Өзү жакшы эле жерде, мамлекеттик кызматта иштейт, билимдүү аял катары эсептечүмүн. “Канча керек?” десем, “15 миң доллар” дейт, “анчалык эмне болдуң?” десем айтпайт. 

Төрт-беш күн акча издеп, тааныштардан карыздап сурап, 5 миң доллар таап бердим. Өзү үйдү күрөөгө коюп, насыя алыптыр...

Ошондон бери анын карызын төлөп араң жашап келем... 

Жакында анын кызы менен сүйлөшүп, чындыкты билип, эмне кыларымды билбей турам. Көрсө “жолумду ачтырам” деп көзү ачыкка барса, ал “жашооң оңолот, күйөөгө дагы тийип, байлыкка дагы жететсиң, сени бир кара жин ээлеп отурат, мен ошону чыгарам” деп 15 миң доллар сурайт. Эжем ага ишенип, менден акча алып, үйүн залогго коюп, насыя алып, бирок болгону 10 миң доллар таап бериптир...

Ошону менен отурат азыр насыясын банкка төгүп. Дагы үстүнө 10 миң доллар кошсок, мен деле үй сатып алмакмын да ал акчага. Мени дагы убара кылды, Кыргызстанга барсам, ошол көзү ачыкты сотко берет элем. Эжеме айтсам, такыр болбойт, жолум ачылат деп ишенип отурат. Бул эмне деген нерсе? Дагы алданбаса экен деп коркуп жатам. “Көзү ачыкпыз” деген алдамчылардан сак болгула!” деп жазды аты-жөнүн өзгөртүлгөн каарманыбыз Сабира.

Бул тууралуу сиз кандай ойдосуз окурман?


“Барометр”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер