Карышкырлар күч алды, майда, бодо малдарга кол салууда
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Таш айылында карышкы бир күндө 39 койго кол салды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, кыш келери менен карышкыр күч алды.
«Ноябрь айынын аягында койлор камалган малканага карышкыр кирип, 39 койду тамактап кеткен. Бир кой арам өлүп, калгандарын эл адалдап союп алышкан. Ал койлор элден чогулган экен. Мындан тышкары, карышкырлар 5 уйду жеп кетишкен. Азыр айыл өкмөткө кайрылып, куралы бар адамдарга ок-дары берүүнү сурандык. Бир карышкырды тузак менен кармашты. Бирок мал-жандыкка дагы деле кол салуу болуп жатат», - дейт айыл эли
Негизи тоолуу Чаткал районунда кышында карышкыр күч алат. Жылына райондо 10дон ашык карышкыр жок кылынат. Бирок суук түшөөрү менен эле айылдагы малга кол салганы өкүнүчтүү.
Aryba.kg