Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Башкы күнөө бийликтин чыккынчылык саясатында жатат...”

-- Азимбек Анаркулович, Аксы окуясына быйыл туура 23 жыл болду. Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланып келет. Кыргызстандыктар эркиндиктин кадырын сезип, ошол окуялардан сабак алдыбы?
-- Аксы окуясы адилетсиздикке эле каршы элдик күрөштүн башаты эмес, жеке президенттик үй-бүлөлүк мыйзамсыз өзүм билемдикке каршы теңдешсиз күрөштүн үлгүсү. Аксылыктар тиягы Ошко, быягы Бишкекке чейин оор кыйынчылыкка, шылдың, мазактоолорго карабай жөө жүрүштө жүрүү менен кыргыз элин эле эмес, бүтүндөй адамзатына саясый күрөштүн заманбап жаңы үлгүсүн көрсөтүшкөн. Тилекке каршы, тарыхый оң баа берилип, Аксы окуясынан бийлик сабак алган жок.
-- Аксы окуясына саясый, укуктук баа берилдиби?
-- Формалдуу болсо да саясый жана укуктук бааны Кыргызстандын бийлиги эле эмес, дүйнөлүк бир топ авторитеттүү уюмдар да беришкен деп ойлойм.
-- Тайфун, Буран операциясы эмнени көздөгөн? Ал кимдин сунушу болгон, кантип ишке ашкан?
-- Тайфун, Буран операциясын колдонууну, Аксы районуна коменданттык саат киргизүүнү администрация башчысы Аманбек Карыпкулов жетектеген Акаевдин чиновниктери коллегиалдуу чечишип, анан Акаевдин өлкөдө жоктугунан пайдаланышып, анын ордуна эс алып жүргөн Курманбек Бакиевди чакыртышып, даяр документке кол койдуруп коюшкан. Бул тергөөдө толук аныкталып, ошол мыйзамсыз документке кол койгону, анын кесепетинен Аксыда адамдар өлгөнү үчүн Бакиев ушул эпизод боюнча да жазасын алган.
-- Ошол кезде аксылыктарды ит менен, ат менен кууган орунсуз жагдай болуптур. Аны кимдер уюштурган?
-- Бишкекке келген аксылыктарды, Үсөн Сыдыковдун тарапташтарын “Бишкекке киргизбейбиз” деген аракеттер болгон. Бирок эл Бишкекке кирген. Эртеси аксылыктар деп, Бишкекте ким калпакчан, жоолукчан жүргөндөрдү жалпы кармоо, ит менен куугунтуктоо, «шаарды булгайсыңар, кеткиле» деген зомбулук уюштурулган.
-- Сиз башкы прокурор болгондо Аксы окуясын ийне-жибине чейин иликтөөгө, тийешелүүлөрдү жазалоого мүмкүнчүлүк болдубу?
-- Жок, ошол Тайфун, Буран операциясына Бакиевдин кол койгон документин таап, аны “ушул факты боюнча сурак бериңиз” дегенде, мени 6 ай иштетпей Бакиев жумуштан алган. Анан иштер токтотулган. Кийин 2010-жылы Апрель революциясынан кийин бул иш кайра жандандырылып, Бакиев, Абышкаев, Жанузаков жана башка чиновниктер соттолушуп, бирок эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазасын өтөөдөн бошотулушкан.
-- Аксы окуясын сизди “баатыр болуш үчүн элди бийликке каршы тукурган” деген дооматтар да бар. Сиз үчүн трагедиялуу окуя болгон дегендерге кандай комментарий бересиз?
-- “Эл оозунда элек жок” деген ошол, бирөө билбей сүйлөйт, бирөө билип сүйлөйт. Дагы бири билип туруп эле атайылап сүйлөйт. Ошон үчүн эл да. Ал эми айрым мамлекеттик чиновниктер, журналисттер заказ аткарып сүйлөшөт жана жазышат. Ошон үчүн комментарий бергенге негиз деле жок. Бирок суроо берип калдың жооп берейин: мейли, мени аксылыктар депутатыбыз деп колдоп чыкты дейли, а мени тааныбаган ондогон Шерали Назаркулов, Турсунбек Акун, Рамазан Дырылдаев, Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаиловаларга окшогон укук коргоочуларчы? Ондогон ЖК депутаттарычы, журналисттерчи, жүздөгөн, мүмкүн миңдеген башкаларчы? Алар эмне үчүн колдошту? Кеп менде – Бекназаровдо эмес, маселе Бекназаров көтөрүп чыккын кыргыз жеринин бүтүндүгүндө. Үзөңгү-Куушка окшогон жерлерибиздин бир адамдын өзүм билемдиги менен өзгөгө түбөлүк берилип жатканында болгон деп эсептейм. Кыргыз жер, суу, жайыт үчүн күрөшүп келген. Аны бөтөнгө бергендер чыккынчы катары бааланган. Азыр деле дүйнө жүзүндө болуп жаткан аскерий жана дипломатиялык согуштар жер, суу, жол үчүн болуп жатат. Дагы кайталайм, түшүнгөн сабаты бар адамга Аксы окуясы кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн жаралган каргашалуу окуя. Башкы күнөө мамлекеттик бийликтин өкүмзордук, чыккынчылык саясатында жатат...
Чынайым Кутманалиева
"Азия Ньюс" гезити