Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Айбек Жунушалиев да тазалыкты ойдогудай камсыздай алган жок

Мэр Айбек Жунушалиев да тазалыкты ойдогудай камсыздай алган жок

28-август, 18:30
304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында акыр-чикир, таштандылар убагында тазаланбай, мэр Айбек Жунушалиевге карата нааразычылыктар арбын. Жылыга тигилген көчөттөр сугарылбай, соолуп калгандары андан көп. Быйыл дагы жакшы, жайы менен жамгыр арбын жаап, шаарыбыз август айына чейин жашарып турду. Негизи көчөттөрдү күздө да сугарат, а булар ал жагын деле ойлошкон жок окшойт. Асфальтталган айрым көчөлөрдө люктар түз жатпай, бул жагынан да көйгөйлөр айтылууда. Кайсы гана парктарга, эс алуучу жайларга барбайлы, таштандылардан арылбай жатканыбыз өкүндүрөт. Ток этерине келсек, мэр Айбек Жунушалиев да тазалыкты ойдогудай камсыздай албай койду. Бишкекке кайсы гана жетекчи келбесин, ушул маселе чечилбей, көпчүлүктүн нааразычылыгы курчуп баратат. А элге карата салык, коммуналдык төлөмдөр жогорулап, токточудай түрү жок. Ошого жараша тейлөө, камсыздантуу купулга толбой, начар шартта экени кашкайган чындык!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер