Бакыт Бакетаев: “Эл куру убадага эмес, реалдуу ишке, калың капчыкка басым жасайт”
-- Парламенттик шайлоо жакындаганы коомчулук биринен бири шек санап, “добушуңду сатпа, туура тандоо жаса” деп чакырмайга өттү. Бул жылы да шайлоо “сатып алуу, сатуу” таризинде өтөбү?
-- Кыргызстандык шайлоочулар саясый бала бакчадан саясый мектепке көчтү. Бала бакчадагы балдар Аяз атага ишенип, жаңы жылдык белекке “мага учак алып бер”, “мага поезд керек” өңдүү асмандын башын сурашат эмеспи. Ал эми мектеп курагына барганда Аяз ата анын кийимин кийген өзүнүн атасы, агасы же актёр экенин түшүнүп калышат. Каалоолору да реалдуулукка жакындап, колдон келе турган белекти сурашат. Мына ошол сыяктуу биздин шайлоочулар да 30 жылдан бери “айды, күндү алып беребиз” деген убадалар суу кечпей турганына көздөрү жетип, саясый сабаттуулугу артты. Эч ким азыр жомокко ишенбейт. Эки революцияда айтылган убадалар абага тарап жок болгонун баары көрүштү. Мындан ары реалдуу жасалган иштерге гана таянышат. Кайсы партия кандай иштерди кылган, кандай иштерди жасап келатат – талдап, тактап көрүп, добуш беришет. Куру сөз менен элди алдаган убак өттү, эми аткарган иштердин гана арааны жүрөт.
-- “Мени шайласаңар эле бул маселеңерди чече калам” деп талуу жерден кармагандар да бар да. Тирүү адам сүйлөп турса ишенбей коюу да кыйын...
-- Азыр ишенбей коюу эмес, ишендирүү кыйын. Эл баарын билет, эгемендүүлүк алгандан бери парламентке депутаттарды бир нече жолу шайлады. Ким куру кыйкырыкка, чечен сөзгө басым жасайт, а ким иштин майын чыгарат – баары тажрыйбаларына топтолду. Мисалы, дайыма тил безеп жүргөндөр миң алакетке түшсө да, алардын эл арасында баркы сөз менен гана чектелет. Сөзгө сөз, “ооба, сени колдойбуз” деши мүмкүн, а иш жүзүндө элдин көйгөйүн чечип келген реалдуу көрсөткүчтөрү барларга басым жасашат. Айрым мамлекеттер 300 жылдап басып өткөн процесстерди биз 30 жылда көрүүгө үлгүрдүк. Бул жай турмушубузга тоскоолдук жаратканы менен элдин саясый капитал топтоосуна мүмкүнчүлүк түздү. Шайлоочу бүгүн өзүнүн добушу эмнеге тете экенин жакшы түшүнөт, тандоо менен келечектин тагдырын чечип жатканын билет. Демек, мамлекетти башкаруу элдин капиталына таянып жүргүзүлө баштайт. Бул өнүгүүгө ташталган кадам болору анык.
-- СССР убагында карапайым катмардын өкүлдөрү, мисалы: саанчы, чабандар депутат болушчу эле. Замандын агымына ылайык, азыр “эл өкүлү болом” дегендин баары бир өңчөй акчалуулар же атактуулар. Карапайым элдин өкүлү болуп жөнөкөй адамдар шайланганы туура болот беле?
-- 30 жылда Кыргызстан капитализмге өттү. Мурункудай социализм жок, тартип, эреже-шарт да түп-тамырынан өзгөрдү. Ошон үчүн Жогорку Кеңешке биз кааласак-каалабасак дагы жаңы капиталисттер келет, бул система баардык капиталисттик өлкөлөрдө калыптанып калды. 1980-жылдары “Таластан мыкты саанчы депутат керек” деген тапшырманын негизинде бир саанчы эжени өзүм Москвага коштоп барып келгем, документтерин даярдап, батирлүү да кылганбыз. Ал киши сүттү пландан ашык алган кыйын саанчы эле. Беш жыл карапайым элдин өкүлү болуп иштеп берди. Азыр эми такыр башка заман. Карапайым элдин өкүлүнө такыр башка социалдык катмардын өкүлдөрү айланып калышты. Бирок, жаңы капиталисттердин арасында элди ойлогондор да жок эмес. Башка айла жок, биз алардын аң-сезимине, ариетине, ыйманына тараза ташын коюшубуз керек. Шайлоо өнөктүгүнө көп чыгым кетет, ал чыгымдарды партиялар катарына кошулган адамдардын эсебинен жаап жатышпайбы. Мындай кырдаалда саанчы менен чабан кайдан депутат боло алсын?!
-- Сиздин коммунист экениңизди көпчүлүк биле бербесе керек, дагы деле компартиянын катарындасызбы?
-- Кыргызстанда азыр да коммунисттер көп. Алардын бири мен. Мени партиядан эч ким чыгарган жок, өзүм да чыгуу үчүн арыз жазган эмесмин. Партбилетим ушул кезде да сакталуу. Андыктан, өзүмдү дагы деле коммунист эсептейм. Коммунисттердин идеясын коргогондордон саясатка Исхак Масалиев, Клара Ажибекова аралашып жүрөт.
-- Коммунисттер менен демократтардын көз карашы асман менен жердей айырма эмеспи. Сизде да демократтарга сын көз менен тигилүү барбы?
-- Демократтар жаңы пайда боло баштаганда элге айтканбыз, “абайлагыла, булардын аракетинин артында башка маселе бар. Демократтар абдан кооз сүйлөйт, ага ишенип алып, эртең өкүнүп калбагыла” деп. Бирок, эскертүүнү эч ким эсине албады, кооз сөздөргө ишенип, коммунисттерге каршы добуш беришти. Жыйынтыгында эмне болду? Коммунисттер салган жолдор бузулду, эреже-шарттар аңтар-теңтер кетти, жакшынакай турмуш башынан ылдый салынды. Мына, Кытайды коммунисттер эле башкарып келатат. Кандай өнүгүүдө, саналуу жылдарда экономикасы кескин өсүп, дүйнөдөгү өнүккөн мыкты эки мамлекеттин бирине айланды. Ал жакта социализмдин элементтери сакталуу, аны менен катар иштегендер байып, эмгектенгендердин акыбети кайтууда. Жакында “өлкөбүздө жакыр жашаган бир да үй-бүлө болбошу керек” деген тапшырма коюшту. Буюрса жакынкы он жылда жарандары жапырт бакубат жашоого бет алышат. Биздин капиталисттер байыса мыйзамдуу жол менен байый беришсин, элди да унутушпасын, мамлекетке зыянын тийгизишпесин. Ошондо эле өнүгүүгө кадам таштамакпыз. Мамлекеттин тагдыры капиталисттердин ыйманына, нысабына байланыштуу. Анткен менен жалпы капиталисттерге тил тийгизүүдөн алысмын, алардын арасында да ички дүйнөсү тазалар көп. Тапкан каражатын элге берип, завод-фабрикаларды куруп, жумушчу орундарды түзгөндөрүн көрүп жатабыз. Мисалы, Аскар Салымбеков. Ал негиздеген “Дордойдон” канча адам ырыскысын тапты, бутуна турду, жеке жашоосун оңдоду? Туура, капитализм өтө катаал система. Кимдин башы иштесе, табышкер, эпчил болсо, жашоо ошонуку. Ушундай мыйзам.
-- Кайсы бир маегиңизде “мурдагы СССРдин курамы кайра бириксе, Кыргызстандын кошулуусун колдойт элем” дегендей айтканыңызды окугам. Эмнеге мындай пикирдесиз? Сизге өлкөбүздүн эгемен болушу жакпай жатабы?
-- Демократтар компартиянын гүлдөп турган кезинде эле “Кыргызстан эгемен өлкө болушу керек” деген чакырыктарын жасап башташкан. СССР учурунда биздин жарандар кааласа Москвага, кааласа Украина, деги эле он беш мамлекеттин баарына барып иштей беришчү. Чек арадагы түмөн түйшүк жок болчу. Анткени баарыбызда СССР деген паспорт бар эле. Өз алдыбызча өлкө болгон кезде мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндүктөн, дипломатиялык паспорт алгам. Аны менен кайсы өлкөгө барба – жашыл жарык. Алтургай айрым талабы катаал өлкөлөргө да бул паспорт менен виза ачтыруунун кажети жок. Диппаспорт менен аба майдандан элге кошулуп, тосмодон өтүүгө кезек күтпөйсүң. Өзүнчө жол менен шыр чыгып кетесиң. Мындай паспорт Кыргызстанда он миңдей аткаминерде бар. Аларда гана эмес, балдарына, жакындарына да берилет. Кийин кызматтан кеткенимден кийин жөнөкөй паспорт менен калдым. Ошондо гана СССРдин ураганы карапайым калкка кандай кыйынчылык жаратканын түшүндүм. Кыргызстандын эгемен болгону бийликтегилерге жана алардын бала-чакасына гана пайдалуу болду. А эл башка жактан жумуш издеп кетип, барган жеринде өгөйгө айланып, көп татаал жолду басып өттү. Эгемендүүлүктүн жөнөкөй жарандарга зыянынан башка пайдасы жок.
-- Азыр шайлоонун шарданы менен төбөсү көрүнгөндөрдүн арасында кайсы бир партиядан сунуш албаган же өзүн өзү сунуштабаган эч ким калбагандай сезилип жатат. Сиз да кайсы бир партиянын катарына кошулдуңузбу?
-- Мен бир да партияда жокмун. Биз, саясат талдоочулар, депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кире албайбыз. Футболдо калыс болот эмеспи, так ошол сыяктуу командалардын аракетине баам салып, ишмердүүлүгүн талдап турушубуз керек. Чыныгы саясат талдоочулар өзүнүн пикирин, көз карашын бир партия менен чектеп койбойт.
-- Бул шайлоодо кайсы партияларга ийгилик кушу жылмаят, а кайсылар борттон тышкары калат – талдап жатасызбы?
-- Биздин талдообузсуз эле эл кайсы партиялар жеңишке жетерин билип турушат. Шайлоонун жыйынтыгы эчак эле чыгып бүткөн. Кайсы партия кандай иштерди жасады, элдин кайсы социалдык маселесин чечүүгө жардам кылды, пандемияда кимиси кайрымдуулукка көп ыктады – мунун баары элдин таразасында. Азыркы шартта ушундай, аны моюнга алуу парз – эл кайсы талапкердин артында канча байлыгы бар экенине сөзсүз көңүл бурат. Анткени, маселени чечүү каражатка келип такалат. Талапкер ал маселени, мисалы, мектепти куруу үчүн мамлекеттен каражат бөлдүрө алгыдай өтүмдүү болушу шарт же өзү жанынан чыгарып бере алгыдай оокаттуу болушу зарыл. Ушул эки критерийге таянып туруп, эл жыйынтыгын чыгарып койду. Кыргызстанда көйгөй толтура: көпүрө керек, мектеп, бала бакча, ФАПтар, “тез жардам” унаалары, трансформатор, жол... Аткара алдыңбы – жол сеники. Буга чейин жасаган колго илинерлик бир да иши жок, бирок сөзү менен тоону томкоруп, “бүгүн шайласаң, эртең мындай кылабыз” дегендердин капчыгы жука болсо – ары тур. Эл куру убадага эмес, реалдуу ишке, калың капчыкка басым жасайт.
-- Ошондо 42 партия жөн эле убара болуп жатышыптыр да?
-- 44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди беле? Азыр анын экөө биригип, 42си калды. Булар да дагы далай биригүүгө барат, жыйырма чактысы калат. Алардын жарымынан көбүнүн каражаты чектелүү, 5 миллион сом күрөө төгүп, тобокелчиликке баруудан баш тартышат. Ошону менен он чакты партия ат салышат.
-- Азыр одоно айтканда, “иттин уулу Байгара” деле депутат болууга камданып жатат. Кайсы бир тармактан элге аз-маз оозго алына калгандар карьерасын улантууга парламентти ылайык катары табышты. Парламентке мындай массалык агылуу сиздин оюңузча кандай?
-- “Мамлекетти башкарууга кошулам” дегендер анча-мынча философияны окуп, аздыр-көптүр экономиканын моделдерин билиши керек. Заманбап жашоонун шартын билиши зарыл. “Депутат болсом мектеп курам, көпүрө салам” дегендер 1-кабаттагы депутаттар. Мамлекетти башкаруунун өзүнүн саясаты бар, аны терең билбеген адам өлкөнү башка жолго салып коёт. Анткени, алардын ар кадамы, жасаганы элди ээрчитет. Ошондуктан, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, ар бир адам өз дараметине жараша максат коюп, ошого умтулган туура. Максат реалдуулукка байланышканда жаңылыштык болбойт. Бир адамдын жаңылыштыгы өзүнүкү болсо, мамлекеттик башкарууга адашып барып алган адамдын жаңылыштыгы жалпы элдикине айланышы ыктымал. Биз чындыкты Платон менен Аристотелдин философиясынын жоон ортосунан издешибиз керек. Жалаң гана Платонду карманган же Аристотелге ыктаган мамлекеттер өнүгүүгө жол албай жүрүшөт. Экөөнүн ортосунан орун тапкандар өнүгүүгө бет алышты.
"Азия Ньюс" гезити