Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамдын сөзүнө каршы чыгып, күч күйөө болсом өкүнүп калбаймынбы?

Атамдын сөзүнө каршы чыгып, күч күйөө болсом өкүнүп калбаймынбы?

22-декабрь, 17:32
2 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйлөшкөн кызым бир үйдүн жалгыз кызы. Ата-энесинин башка балдары жок. Болочок кайнатам жакшы кызматтарда иштеп жүрүп эс алууга чыккан, кайненем мугалим. Экөө тең илим-билимдүү адамдар. Жакында эле шаардын четиндеги үйүн сатышып, Бишкектин ичинен заманбап батир алышты. Кайнатам кызына жолдошуң үй салам деп кыйналбай эле биз менен жашай берсин, үй кенен. Биз сен кетсең жалгыз калабызбы? Үйдү талашчу адам деле жок, небере багып жашайлы” деп жатыптыр. 

Мен үйдүн улуу баласымын. Атам дыйканчылык менен алектенген, апам мугалимдик кесипти аркалап жүрүп пенсияга чыккан жөнөкөй үй-бүлөнүн уулумун. Менден башка эки иним бар. Атам “өз алдыңарча үй салгыла, өз үй, өлөң төшөгүңөр болсун, эч качан келинчегиңердин үйүнө кирип жашабагыла” деп тарбия берген. Атамдын тилегине каршы, менин сүйлөшкөн кызым бир үйдүн жалгыз кызы болуп калды. Алар кызын эч жакка жибергилери келбейт. 

Мен атама иштин чоо-жайын айтсам, асман айдан секирип, мага таарынып сүйлөшпөй жатат. “Эртеби-кечпи “күч күйөөсүң” деген сөздү угасың, аялың бир күнү үстөмөндүк кылат, алыңа жараша эле жөнөкөй үй-бүлөнүн кызын ал. Үй сал, жардам берем” деп такыр сөзүмдү укпай койду. Бирок мен сүйлөшкөн кызымды жакшы көрөм, башка кызга үйлөнгүм келбейт. Үй-жайы үчүн деле эмес, болгону биз көптөн бери бири-бирибизди түшүнүп, көп жылдык сезимибизди сактап келе жатабыз. Атамдын сөзүнө каршы чыгып үйлөнүп алсам өкүнүп калбаймынбы?

Фабула кж

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер