Акыркы кабарлар
» Коом » Лейлекте төрт айылды дагы сел каптады
Лейлекте төрт айылды дагы сел каптады
04-август, 12:23
1 516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Лейлекте кайрадан сел жүрүп, үйлөрдү жана жолдорду каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 3-августтун кечинде катуу жаап өткөн жамгырдан кийин жүргөн селдин суусу Ак-Терек айылында 20 чакты үйдүн ичине жана короосуна кирген, ички чарбалык жолдорду, арыктарды каптаган.
Ак-Суу, Катраң, Кулунду айыл аймактарында да 20дай үйгө суу кирип, ички чарбалык автожолдордон тышкары Ош–Баткен–Исфана жолунун 318-жана 320-чакырымын сел каптаган. 4-августка карата, ӨКМ билдиргендей, жол каттамы ачык.
19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган.