Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Келиндерди “төрөгүлө” дегенден мурун көйгөйлөрдү чечели”

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Келиндерди “төрөгүлө” дегенден мурун көйгөйлөрдү чечели”

19-ноябрь, 17:19
3 414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтайым эже, кыз-келиндер көп бала төрөш үчүн мамлекет кандай шарттарды түзүшү керек?

-- Баардык нерсе пенде айткандай эмес, Алла Тааланын буйругунан эмеспи. Азыркы мезгилде 6, 7, 10 бала эмес, бир балалуу боло албай жүргөндөр толтура. Ошол эле мезгилде төрөлгөн балдарын бага алышпай, чет өлкөлөргө иштөөгө кеткен ата-энелер көп. “7 бала төрөсөң 1 миллион сом, 10 бала төрөсөң 2 миллион сом” дегенден мурун, төрөлгөн балдардын баарын пособие менен камсыздасак, көлөмүн заман талабына жараша көбөйтсөк, инфляцияны эске алып, жетиштүү шартта парламент бюджетти бекитсе жакшы болмок. Балдар дагы камкордукка алынып, каражаттын айынан башка мамлекетке барышып, балдарын багууга аргасыз болгон энелер азаят эле. Мамлекет мына ушул жагын да ойлоно турган жерде. 3 же 4 бала менен бала багып үйдө отурган энелерди да жумуш менен камсыздоону колго алышыбыз керек. 

Ошондой эле бала бакчанын санын көбөйтүп, энелердин иштөөсүнө шарт түзүлүшү да зарыл. Мамлекет шарт түзбөсө, кыргыздын тукумун улай турган муундар сыртка чыгып, ысык-суукта иштеп, ден соолугунан ажырап, тукумсуздук менен жабыркап жатышат. Жетишпеген жашоонун айынан кыздарыбыз башка улутка турмушка чыккан да жагдайлар бар. Алардын айрымдары эле бактылуу жашабаса, зордук-зомбулукка кабылгандары арбын. Кыскасы, улуттун келечегин, генофондду ойлосок, төрөгүлө деген шык, демден башка дагы көп маселени, көйгөйлөрдү чечишибиз керек. 

Балдарды төрөтүп эле тим болбой, кыргыз тилинде билим алышына, балдардын толук кандуу чоңоюшуна шарт түзөлү. Дени-карды соо бала төрөлө тургандай кылып энелердин ден соолугун чыңдашыбыз зарыл. 

-Азыр бала тарбиялоо дагы чоң маселеге айланды. Ата-энеси иштен бошобой, каралбай калган өспүрүмдөр көбөйдү го

-- Бала тарбиялоонун жаңы механизмдерин киргизип, кыргыздын салт-санаасын айкалыштырган программа кабыл алышыбыз керек. Азыр кайдыгерлер көп. Агрессияга алдыргандар, эмоциясын жашыра албагандар толтура. Келечекти ойлосок, башка тилде окуткан мектептерде эне тилибиздин саатын көбөйтүп, ЖМКлар аркылуу насааттарыбызды жайылтып, улуттук идеологияны жаштарга, балдарга дагы сиңиришибиз керек. Анткени, ар кайсы агым өзүнүн багытын таңуулап, араң турган элдин башын айлантып, кыргызга жат нерселерди жайылтышууда. Бүгүн калктын санын көбөйтүү сыяктуу, улуттук баалуулуктарыбызды, салт-санаабызды да жок кылбай сактап калууну колго алышыбыз керек. Кыскасы, элибиздин коопсуздугун сактабасак, 30-40 жылдан кийин кыргыз деген этнос гана калып калышы мүмкүн. Андыктан алдын алалы...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер