Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрулан Көкүлов: “Парламентке баргандан кийин ишим кубаттуу, эффективдүү болот”

Эрулан Көкүлов: “Парламентке баргандан кийин ишим кубаттуу, эффективдүү болот”

13-декабрь, 09:00
1 835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрулан, шайлоодогу үгүт иштеринен эмнени байкай алдың? 

-- Мага үгүт иштери абдан жеңил болду. Эл менен жолугушууда өз алдымча сөз алып сүйлөгөнгө деле убакыт болбоду. Кыргыз элиме аздыр-көптүр белгилүү болуп калыптырмын. Көбүнчөсү мени менен сүрөткө түшкөнгө, селфи кылганга ашыгып атышты. Кылган жумушума ыраазычылыктарын айтышып, улуу муундун адамдары ак баталарын беришип, “эл үчүн кызматыңды уланта бер. Ойлогон оюңа, көздөгөн максатыңа жет” деп аткандары көкүрөгүмдү көтөрүп, жүрөгүмдү жылытып атты. 

-- Депутат болууга бир кадам турат. Кандай сезимдер менен жашап келесиң? 

-- Алгачкы бюллетендердин саноосу боюнча мага 20 миңден ашуун шайлоочум добуш беришкенин айтып атышат. Мунун артында чоң жоопкерчилик жатканын сезип турам. Мага аманат катары абдан көп адам ишенерин билдим. Аябай катуу толкундануу азырынча менде байкалбайт. Парламентке барганда деле буга чейинки элим үчүн кылып келген кызматымды уланта берем. Мүмкүн мындан аркы ишимдин натыйжасы, жыйынтыктары буга чейинкиге караганда кубаттуу, эффективдүү болот. 

-- Шайлоочулар эмне үчүн сага добушун беришти?

-- Негизи, бул суроонун так жообун ошо мага добуштарын берген шайлоочулардан уксак сонун болмок, мени да кызыктырып атат. Бирок, угушума караганда, көпчүлүк шайлоочум телефонума: “Сен кыргыз элинин патриотусуң. Улут үчүн, анын таза тамактануусу боюнча аябай кам көрүп келесиң, эл үчүн күйүп-бышып жүрөсүң. Депутат болуп келсең, ушу жаатта ишиңди улант. Биз сага үй-бүлөбүз менен добушубузду беребиз” деп СМС жазып атышты. А кээ бир жолугушууда мага келишип, “ага-тууган, жек-жааттарыбыз, куда-сөөктөр бүтүндөй сени шайлайбыз” дегендер болушту. Учурдан пайдаланып, шайлоочуларыма, кайсы бир мүчүлүштүктөн мага добуш бере албай калган адамдарыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин ишенимиңерди толук актаганга болгон күч-аракетимди жумшайм! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер