Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Ковидден өлгөндөрдүн статистикасын өзгөртүү өтө туура эмес иш болду”

Айбар Султангазиев: “Ковидден өлгөндөрдүн статистикасын өзгөртүү өтө туура эмес иш болду”

21-август, 01:18
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайра карап чыгып, 437 адамдын COVID-19дан эмес, башка илдеттен каза болгону аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы кайра карап чыкканда 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганы айтылды. Муну менен каза тапкандардын саны 1053 деп катталууда. Бул жагдайга байланыштуу медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиевге суроо жолдодук.

-- Министрлик 437 адам коронавирустан каза болгон эмес деген тыянагын чыгарды. Сиз кошуласызбы?

-- Бул жаңылык өтө таңгалычтуу болду. Өлүмдүн санын азайтканынын себебин мындай карасак болот. Эгер адамдар коронавирустан өлбөсө, коронавирус менен оорубаса, бүгүн тирүү болушмак. Өнөкөт оорулары болсо деле аны менен бир топ жыл жашашмак. Эмне себеп менен статистиканы азайтып жатышканын ойлонуп жатам. Биринчи себеби, дүйнөлүк статистикадан караганда саны азыраак болсун (!) деп ойлоп жатышат. Экинчиси, 437 адамдын ичинен он чактысы же жыйырмадайы дарыгерлер болсо, алар ковидден өлбөсө, токтом боюнча 1 миллион сом үй-бүлөсүнө төлөнбөй калат. Балким булар “дагы бир канча  миллион сом үнөмдөйбүз” деп статистиканы өзгөртүп жатышабы?.. Көз салышыбыз керек. Менин оюм боюнча, өтө туура эмес иш болду. Калпыстык. Адамдар ковид менен оорубаса, алар арабызда болмок да.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер