Тышкы карыздан кантип кутулабыз?


2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 280,54 миллион долларга жетти. Карыз жыл санап өсүүдө. Кутула турган булактар барбы? Келечекке коркунучу жокпу?

Арсланбек Кененбаев, финансылык талдоочу:
-- Жалпысынан мамлекеттик финансыда, ошондой эле карапайым калктын жеке каржысында деле карыздын эки түрү бар: жаман карыз жана жакшы карыз. Жакшы карыз – бул мамлекет же жеке адам алган карызы менен иштерин өркүндөтүп, бизнеси өнүгүп жатканын айтсак болот. Ал эми жаман карыз болсо, иштеген иши төмөндөп, карыздык каражаттарды туура эмес жумшайт. Мисалы, Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң чоң, эбегейсиз карызы көп өлкө, бирок ал эң күчтүү, инвестиция үчүн эң коопсуз жана абдан жакшы өнүгүп жатат.
Негизи биздин өлкө үчүн деле коркунучтуу эмес. Айрыкча азыркы учурда салык реформасын жасашты, бажы, салык тармагында кандайдыр бир реформалар жүрүп жатат. Азыр социалдык фонддун ченинде да чоң өзгөрүүлөр болууда, биз экономикалык өсүштү жана бюджеттин өсүшүн көрүп жатабыз. Башкача айтканда, мамлекет бир топ киреше ала баштады. Ал эми бюджет өссө, анда карыздын өсүшү анчалык коркунучтуу эмес. Мен карыздарды көп драматизация кылбайт элем.

Жоодар Омошев, ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы:
-- Бир өлкөнүн карыз алышы бул нормалдуу көрүнүш, ошол эле Америка, Япония, Кытай сыяктуу өлкөлөр да карыз алышат. Маанилүүсү, ушул карыздын туура пайдаланылышы жана айланышы. Кайсы шарттарда канча мөөнөткө алынып жатат жана кимден алып жатканыңыз андан да маанилүү. Карыз берип жаткан финансы институтубу же кайсы бир өлкөбү? Алынган карыз Кыргызстандын ички дүң сооданын белгилүү бир пайызынан ашпаш керек, бизде көмүскө экономиканын көлөмү чоң жана белгисиз болгондуктан, сиз айтып жаткан 7 миллиард карыздын көп же аз экенин айтуу оор болот.

Улукман Мамытов, экономика боюнча эксперт:
-- Бир жагынан алганда, бул өтө деле чоң сумма эмес. Казакстан, Өзбекстанга салыштырмалуу карызыбыз анчалык чоң эмес. Экинчи маселе, тышкы карызды кайсы булактар аркылуу төлөп беребиз? Ошол булактар көрүнбөй жатат. Эгерде кризис күчөп кетсе, сактап отурган алтыныбыз өзүбүзгө керек болот. Баасы да өсүп жатат. Экономикабызды чоңойто турган башка кандай булактарыбыз бар? Бул чоң суроо жана чоң маселе.
"Азия Ньюс" гезити











