Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң саясатта Темир Сариевдин экинчи деми ачылары байкалды

Чоң саясатта Темир Сариевдин экинчи деми ачылары байкалды

17-февраль, 12:01
1 121 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн ишемби күнү Темир Сариев “Соң-Көл” ресторанына түлөө берип, атасынын жүз жылдыгына куран окутту. Саясый элитадагы оппозиция менен позициясын аралаштырып, мындан сырткары ага-тууган, тели-теңтуштарынын баарын чогултту. Кыскасы, беш жүздөй адамга чай берди. Темикенин түлөөсү кабыл болсун! Биз бир нерсени белгилей кетели: соңку айларда тыңчыкмалар түрмөдөн шагырап эле чыгып атышат, алар мынчалык деңгээлде интеллигенцияны, саясатчыларды чакырып, бата алышкан жок. Темир Сариев бул жагынан өзгөчөлөнө алды. Себеби, жүзү жарык! Түрмөгө да Кумтөр ишине байланыштуу саясый негизде отуруп чыкканын айтууда. Башкалардай ооруп калып, же арызданбады. Убактылуу кыйынчылыкты чыныгы мырзадай көтөрүп, “былк” этпеген бекемдигин далилдеди. Демек, алдыдагы күрөштөрдө Темир мырзанын экинчи деми ачылары шексиз. Мындан ары активдүүлүгүн көрсөтүп, оппозициянын лидерине айланабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер