Кечээ алдамчылыкка айыпталган Акылбек Эшимовдун амалына баракелде!


Шаршенбек Абдыкеримов, Канатбек Исаевдин колдоосу менен депутат катары көзгө көрүнгөн Акылбек Эшимовго учкай токтололу. Бул эргул 2021-жылы БШКнын мүчөсү кезинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, камалып, мурдуна суу жеткенде түрмөдөн чыккан. Таасирдүүлөрдүн артынан саясатка аралашып алып, орто жерден жаза басып, жүзү ачылганы ошол да. Кызыгы, өткөн күндөрдөн сабак алган эмеспи, айтор, акыркы кездери элге кыйынсынып, улак тартыш өткөзүп, бийликке жагынуу менен “устукан” алгысы келип калганбы? Улам бир саясый күчтөргө секирип, туруксуздугун көрсөтүп, эмнеге жанталашып атат? Бул бийлик Акылбек Эшимовдун абийирин төгүп, камаган да. Натыйжада, болбой эле жагалдана береби? Жигиттик ар-намысы кайда? Саясатка ушундайлар талпынып жатышып, баа-баркын да түшүрүштү го...
"Азия Ньюс" гезити











