Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык-Шер-Нияз кайсы журналист менен дуэлге чыккысы келди?

Садык-Шер-Нияз кайсы журналист менен дуэлге чыккысы келди?

30-октябрь, 09:29
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Садык-Шер-Нияз кечээ жеке баракчасына кайсы бир журналистке нааразы болгон пикирин жазды.

Ал: “Урматтуу журналисттер! Капысынан берген суроолоруңар менин оюмча туура эмес. Мисалы мен ойлонуп бара жатканда өзүмдүн туулган күнүмдү айта албай калышым мүмкүн. Ал бирөөнүн акыл эс деңгээлинин көрсөткүчү эмес, тек гана даярданган саясатчылардын пиары да болушу мүмкүн.
Эгерде кимде ким менин акыл эсимди текшергиси келсе анда чыныгы дуэль кылалы. Ал мага каалаган 100 суроосун берсин, мен да каалаган 100 суроомду берейин, жоопторун салыштырып көрсөк болот. Каалаган багытты, ар кыл сабактан, түркүн темадан лотерея аркылуу тандашалы мен макулмун. Ошондо "абийирдүү оюн" болот. Болгону капталдан чыга калбагылачы каралдыларым.
Өткөндө бир журналист карындашым, алдыман чыга калыптыр суроолору менен. Мен дагы ага айттым. Кел мен да бир суроо берейин жооп берсен мен да сага жооп берейин деп. Төртүнчү класстын суроолоруна жооп бере албады. Уялды окшойт нары басып кетти. Түшүндү да окшойт, бул нерсе туура эмес экенин.
Эрудиттер эч качан тарыхты жасай алган эмес, дүйнөнү идеясы бар адам өзгөртөт
”,- деди ал.

Садык мырза, кимге анчалык нааразы болгонун ачык айткан жок, болгону бир нече журналистти белгилептир.Ага пикир калтыргандар азыркы жаш журналисттердин сабатсыздыгын сындашууда.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер