Жакында генерал Курсан Асанов камакка алынабы?

Биздин сотторго, милицияга, тергөө органдарына элибиздин ишеними эчак эле кеткен. Учурда бийликтин аброюна укук коргоо жетекчилери шек келтирип атканы жашыруун эмес. Мындай шартта саясый кысымдардын курчушу коомчулукту ого бетер бүлүккө салары турган иш. Маселен, министр Кашкар Жунушалиев менен Курсан Асановдун тиреши милициянын кадырын кыйла кетирди. ЖМКларда ансыз да ИИМдин абалы кескин сынга алынууда. Ошол эле кезде генерал Асановдун ишмердиги боюнча абройлуу инсандар, маданият өкүлдөрү, саясый элита оң баасын бергенине күбө болуп атабыз. Азырынча Асановдун кандай кылмыштарды кылганы, эмнеден жаза басканы элге белгисиз. Тескерисинче, коомчулук аны колдоп атканын көрүүдөбүз. Айрым маалыматтар боюнча, козголгон кылмыш иштеринин негизинде Курсан Асанов жакында камакка алынары ыраспы? Соңку убакытта тар чөйрөдө дал ушул жагы каңкууланууда. Бул боюнча кызыкдар күчтөрдүн чагымчылыгы курчуп бараткан жокпу?..
Aryba.kg