Бакытбек Жумагулов: “Өкмөттүн салык саясаты орто жана кичи бизнеске оорчулук жаратууда”
Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору менен маек.
-- Бакыт мырза, кечээ жакында эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров парламентте отчёт берди. Отчётуна ынандыңызбы?
-- Акылбек Жапаровдун “бюджетти триллионго жеткирем” деген сөзүн уктум. Ага улай статистикалык комитеттин “триллионго жетти” деген маалыматын окудум. “Эгер бул маалыматтар чын болсо, жыйынтык жакшы экен” деген ойдо калдым. Бирок, ошол эле мезгилде тамак-аш, квартира акысы көтөрүлүп, карапайым эл кыйынчылыкка кабылууда. “Айлык акы да жогорулап, орточо айлык 30 миң сомду түздү” дешкени менен эл арасында орточо айлык андан азыраак айтылып жатат. Ошондой эле өкмөттүн салык саясатына каршылар да чекеден чыгууда. ККМ боюнча дагы маселе бар. Айтайын дегеним, 2024-жылдын башынан баштап ККМди колдонуу милдеттендирилгени менен ага даяр эмес ишкерлер көп. Тагыраагы, ККМ, өкмөттүн салык саясаты орто жана кичи бизнестегилерге оорчулук жаратууда.
-- Күргүштөп киреше алып келген, бир канча үй-бүлөнү баккан Дордой базары ККМ менен салык саясатынын кесепетинен жабыр тартып, иши солгундап жатабы?
-- Дордойдун соодасы токтоп жатканына салык саясатынын кесепети тийип жатышы да мүмкүн. Бирок, бул маселени глобалдуу алып караганда, Дордойдун соодасынын солгундашы Казакстандын Хоргосу менен да байланыштуу.
Убагында биз Дүйнөлүк соода уюмуна киргенбиз. Ошол мезгилде Дордой менен Кара-Суу базары Евразиянын базары болгон. Укмуш соода болуп, иш күргүштөп жүрүп турган. Кыргызстан Казакстан менен Россияга ортомчулук кылган. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенде биз ошол мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп алгандай болдук. Анткени, Россия да, Казакстан да биздикиндей эле Кытайдан товар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышты. Россияга товарды Кыргызстан аркылуубу, же Кытайдан алабы, баары бир болуп калды. Анан Хоргос өнүктү. Казактар чек араны жапканда кыргыз соодагерлери товарларын өткөзө албай, тоскоолдукка кабылышты. Айтор, Дордойдун ишинин солгундашынын түрдүү себептери пайда болду. Дордойдо соода кылган менин тааныштарымдын да иши жүрбөй, ижара акысын төлөй албай кыйнала башташты. Баса, бул жагдайга Россия менен Украинанын согушунун да таасири тийди.
-- “Өкмөттүн салык саясаты элдин жонунан кайыш тилип жатат” деген пикирге кошуласызбы?
-- Бул жерде кичи жана орто бизнеске ККМ боюнча нааразычылык жаралууда. Себеби, элдин баары патентке көнүп калган. Анткени, бул ыңгайлуу система болгон. Азыр “8 миллионго чейинки акча жүгүрткөндөр салык төлөбөй эле иштей беришсин” дегени менен кокус унутуп калып, ККМдин чегин баспай калса, ыңгайсыздык жаралат. Тагыраагы, ККМдин чегин баспаганын салык кызматынын кызматкери көрүп калса, айып салат. “Айып салба” деп соодалашып, жыйынтыгында коррупциялык схемалар күч алат. ККМ 1-январдан баштап милдеттүү колдонулса, жалпы бизнесмендер аны кандай кабыл алары азырынча белгисиз.
-- “Үй же машине саткандар мамлекетке 10 пайыз төлөшү керек” деген салыктын түрү боюнча кандай пикирдесиз?
-- Бул салыктын түрү боюнча элде нааразычылык жаралып жатканы чын. Бирок, өкмөт аны “жоёбуз” дегендей кылды. Кээ бир демилгелер айтылганы менен элдин нааразычылыгы эске алынып, артка кайткан учурлар да болуп жатат.
-- Айрымдар Акылбек Жапаровдун салык саясаты эл менен бийликти кагыштырууга багытталып жатканын айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Мен дагы ушул пикирге кошулам. Анткени, салык саясаты элдин жонунан кайыш тилип, эл менен бийликтин кагылышына жол ачат (!) деген кооптонууну жаратып жатканы чындык.
-- Эл арасында жакырчылык көбөйүп баратканын сезип жатасызбы, же жашоо жеңилдеп, турмуш оңолуп атабы?
-- Ата-энем өмүр бою мугалим болуп иштеген адамдар. Алар “сен эч нерсени сүйлөбө, пенсия көбөйдү, Садыр Жапаровдой эч ким пенсияны көбөйткөн эмес” деп кубанып жатышат. Бирок, кымбатчылык күчөп баратканы баарыбызга байкалууда. Кыргызстандын башка мамлекеттерден өзгөчөлүгү 60-70 пайызы кичи жана орто бизнес менен алек болгондор. Алар ККМ маселесинен, салык саясатынан жабыркап жатышат.
-- Экономиканы ишкерлер көтөрөт. Бүгүн ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо болуп жатабы?
-- Азия банкы менен пандемиядан кийин ссудалар берилген. Бирок ал баардык бизнесмендерге жеткен эмес. Ар бир кичи жана орто бизнес сезе турган иштер болуш үчүн стратегия кабыл алып, анын негизинде 3-5-10 жылдык программа жазылышы керек. Андай программа болбогондон кийин “системалык түрдө колдоо жүрүп жатат” деп айтыш кыйын.