Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Обагүл Идирисова: “Урматтуу президент, кызымдын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү териштирип, өз көзөмөлүңүзгө алыңыз”

Обагүл Идирисова: “Урматтуу президент, кызымдын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү териштирип, өз көзөмөлүңүзгө алыңыз”

11-май, 18:04
875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-март күнү Келечек жаңы конушундагы №87 мектептин 5-классынын окуучусу Гүлзейнеп Галбаеванын жүрөгү токтоду. Ал ошол күнү кадимкидей эле мектепке барган. Энеси Обагүл Идирисова тамагын берип, сабакка узаткан. Буга чейинки маалыматтарда “мектеп окуучусу информатика сабагында өзүн жоготуп, медицина кызматкерлери колдорунан келген жардамдарын кылып, “тез жардам” чакырып, акыры энеси “тез жардамды” күтпөстөн доктурга алып жөнөп, кыз жолдо көз жумган. Мектептин ошол кездеги көзөмөлдөөчү видеокамерадагы жазуулар өчүрүлгөн” деп жазылган. Андан бери эки айга жакын убакыт өттү. Кыздын ата-энеси зар какшап барбаган жери, какпаган эшиги калбаптыр. Анда сөз башынан болсун.

-- Обагүл айым, окуянын чоо-жайын өз оозуңуздан уксак?

-- 2021-жылы 11-мартта кайгылуу окуя болду. Кызым Гүлзейнеп Галбаева №87 мектепте 5-класста окуйт эле. 2015-жылы “тубаса жүрөк кемтиги” диагнозу коюлуп операция кылынган. Андан бери ооруган эмес. Ал күнү сабакка кечигип атканын айтты. 1-2 мүнөт эч нерсе болбосун айтып, мектепке жеткизип койгом. Информатика сабагында өзүн жоготкон. Кызыма эч бир биринчи медициналык жардам көргөзбөй эле ФАПка шалкылдатып көтөрүп жеткирип коюшкан. А жерде доктурлардын бирөө да болгон эмес. 

-- Бул боюнча “кыз өзү ооруп келген” деп чыгышты го?

-- Медайым дене табын өлчөптүр, “36,5 болчу” деп айтты. Бир нерсени сөздүн башында айтып коёюн, кызымдын өлүмүнө себепкерлердин баары мага чабуулга өтүп, “кызыңыз ооруп келген. Ал майып, оорукчан кыз болчу” деп атышат. Эптеп эле жоопкерчиликтен качуунун амалын кылышууда. Биринчи кезекте эмнеге мага телефон чалышкан эмес? Кызым эсин жоготкондон кийин 20 мүнөт өткөндө барганымда, медайымдар “биз эч кандай жардам көрсөтө албайбыз. Врачтардын приказы боюнча иштейбиз. Бир да врач жок. Андан көрө кызыңызды өзүңүз доктурга алпарыңыз” дешти. “Тез жардам” чакырдыңарбы?” десем, “скорый отказ кылды” деп мени алдашыптыр. 

-- А чынында “тез жардам” чакырышыптырбы?

-- Алар “төрт жолу чалды. 1-чалганда “жетишпей атабыз. Балдардын “тез жардамы” жок” дегенбиз. Кийинкисинде биз жөнөгөнбүз. Тоголок Молдо көчөсү менен келатканыбызда “ата-энеси отказ кылды, реанимацияга алып кетишти. Келбей эле койгула” деп мугалимдер айтышты деп атышат. 

-- Кызды каерге алпардыңар?

-- Саламаттык сактоо министрлигинин жанында “Энени жана баланы коргоо” мекемеси бар, ошол жерге апкелдик. Пульмонология бөлүмүнө барганыбызда, эч бир реаниматологду көрбөдүк. Бир доктур кызымды карап аткан экен. ИВЛди көргөнүмдө 182-45 болчу. Эми булар да “биологический смерт менен келди” деп атышат. Мени түшүнбөйт деп ойлошту окшойт. Өзүм фармацевтти бүткөм. “Эмне укол сайдыңар?” десем, “адреналин” дешти, дагы эки-үч уколду айтышты, эсимен чыгып калды. 

-- “Доктурга бараткан жолдо кыздын жаны үзүлдү” деген маалымат анда калппы?

-- Доктурга барганда кызым клинический смерт болгондур. Бирок, мен жанагы ИВЛ аппаратындагы сандарды жалган көрдүмбү анан? Реанимацияда бир саат кармашты. Эгер биологический смерт болгондо, эч качан бир саат кармамак эмес, ашып кетсе 20 мүнөт кармамак. Бу жерде мектеп ФАПка, ФАП “тез жардамга”, “тез жардам” доктурга шылтап, доктур болсо “кыз бизге жансыз келген” деп, ар бири жоопкерчиликтен качып атышат. 

-- Сиз бул окуя боюнча экспертизага берген белеңиз?

-- Кызды үйүбүзгө алпарган күнү экспертиза барды. Орус улутундагы адам экен. Биз экспертизадан баш тарттык. Бирок, мен баш тарткан күндө деле ал адам өзүнүн ишин кылыш керек эле, андай болбоду. Өтө шок абалда элем. Күч органдарынын адамдары да “экспертиза жасап, тергөө иштерин кылыш керек эле” дешти. Тергөө иштерин да жаап салышкан. 

-- А эмнеге тергөө иштери жабылып калган?

-- Тергөөчү Мусаевге “сиз мектептеги видекөзөмөлдү көчүрдүңүзбү?” десем, “мектептин директору мага видеожазууну берген жок” деп койду. 

-- Кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү деп ойлойсуз, дооматыңыз кимге?

-- Биринчи кезекте №87 мектептин директору Исановага, биринчи жардам көрсөтпөгөн медайымга дооматым бар, мына ошолор менин кызымды сактап калышса болмок, Аларды күнөөлүү деп эсептейм. Мен барбаган жер, мен какпаган эшик калбады. Президент отурган жерге колума плакат кармап, эки-үч күн турдум. А киши кабыл алса болмок, Садыр Нургожоевичке ишенип баргам, аны кош колдоп шайлаган элем. Бу киши ата-энесинен, уулунан ажыраган адам, менин акыбалымды түшүнмөк, баланын күйүтүн билет. Азыр да Садыр Нургожоевичтен үмүтүм чоң, бул ишти өз көзөмөлүнө алып, окуяны териштирип, кызымдын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланса дейт элем. 


Сурат Жылкычиев 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер