Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » Ташиев Кыргызстанда болгондо, Максат ажыга мындай мамиле жасабайт болчу
Ташиев Кыргызстанда болгондо, Максат ажыга мындай мамиле жасабайт болчу
11-февраль, 13:21

“Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Менимче, Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда болгондо, Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт болчу. Үй камагында деле сурагын берип, тергөө жүрө бермек. Демек, бул маселеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алыста экенине, ден соолугунун шартына карабастан, албетте, коомдук пикирди эске алып, кырдаалга жараша, мыйзамдуу жана адилеттүү кадамга барат деп ойлойм. Буюрса, баары жакшы болот. Сабырдуу болуп туралы...” деп Камчыбек Ташиевдин жакын үгүтчүсү Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.