Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Биз мектептерде канча бала наркоман экенин билбейбиз”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Биз мектептерде канча бала наркоман экенин билбейбиз”

26-апрель, 19:30
297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, комитеттин жыйынында сиз мектеп окуучулары арасында баңгизаттарды колдонгондор бар же жок экенин аныктоо үчүн мурдагыдай эле алардын колдорунан смыв алып, текшерип турууну сунуштадыңыз. Бүгүн ошондой текшерүүлөргө зарылчылык бар деп эсептейсизби?

-- Ар кандай көйгөйдү чечерден мурда биз кандай абалда экенибизди такташыбыз керек. Өкүнүчтүү жери, биз мектептерде, лицейлерде, ЖОЖдордо канча бала таксикоман, наркоман экенин билбейбиз. Анан билбей туруп, бул илдетке каршы кантип күрөшсө болот? Ошондуктан, мурдагы практиканы азыр деле колдонсок ашыктык кылбайт. Азыр жаңы тесттер чыгып калды. Медкароо катары мезгил-мезгили менен, алты айда бир, же бир жылда бир жолу тестирлөө өткөрүшүбүз керек. Ошонун жыйынтыгы менен статистиканы аныктап алуубуз абзел. Анан ошого жараша мамлекеттик атайын чаралар көрүлүүгө тийиш. Биз бейтаптарды аныктаган күндө деле аларды дарылай турган бир дагы реабилитациялык жайыбыз жок. Балдар, ата-энелер менен иштей турган психологдор жетишсиз. Ал жагын да ойлонушубуз керек.

-- Сиз прокуратурада иштеп турган учурда окуучу балдардын арасынан жанагындай илдетке кабылгандар көп чыкчу беле?

-- Аз болчу. Кайсы мектептен чыкса ал ошол район, шаардагы ЧП болуп эсептелчү. Жашы жетпегендер менен иштөө боюнча инспекциялар, прокуратура, акимчилик, ата-энелер чогуу иштешет эле да. Бүгүн биз адам укугу деп балдардын эртеңки келечегин унутуп коюп жатабыз. Эртең алар кандай эне, кандай жаран болот? Ушул жагын да кошо ойлонушубуз керек да.

-- Комитетте “бул балдардын укугун бузгандыкка жатат” деген да пикирлер айтылды. Демек, сиз мындай пикирге каршысыз?

-- Бул – балдардын укугун бузуу эмес, алардын ден соолугуна кам көрүү. “Эч ким кургак учук болбодубу?” деп жарандарыбызды текшерип атпайбызбы, ошондой эле нерсе болуш керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер