Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда чагылган тийип 70 киши каза тапты

Индияда чагылган тийип 70 киши каза тапты

13-июль, 18:17
1 535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиянын Уттар-Прадеш, Мадхья-Прадеш жана Раджастхан штаттарында эң аз дегенде 70 адам чагылгандын сокусунан улам көз жумду.  

Бир сутканын ичинде Канпур жана Праяградж аймактарында 42 адамга чагылган тийип мерт болушкан. Джайпур шаарында 23 адам, Мадхья-Прадеш штатында 7 киши аталган табият кубулушунан көз жумду.

Индиянын премьер-министр Нарендра Моди социалдык баракчасы аркылуу каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер