Курман Жолдошев: “Россия-Украина тирешинин, коюлган санкциялардын кесепети бизге да тийүүдө”

-- Биздин экономиканы кармап турган, экономикага чоң салым кошкон мигранттардын акчасы эмеспи. Бирок мигранттар доллар жөнөтсө, бул жактагы банктардан жакындары алалбай, чек коюп, мамлекет даяр акчаны алууга да шарт түзө албай жатат. Курман мырза, чет өлкөлөр менен иштешип келесиң. Валюта алуу кандай көйгөйлөрдү жаратууда? Чечсе болобу?
-- Баарыбыз, мен өзүм деле доллар боюнча жөнөтүлгөн акчаны ала албай азабын тартып жүрөм. Бул учурдун көйгөйлөрү болуп турат. Биздин мамлекет да Россияга салынган санкцияларга байланды. Ортодо жол издешкени менен туңгуюкка кептелип жатышкандай. Бул жакынкы күндөрү табыла турган жол эмес. Мамлекеттер келишпестигинин кесепети.
Биздин мамлекеттин бул маселени чечүүгө күчү жетпейт. Себеби, экономикабыз мигранттарга байланган. Бул өтө чоң маселе. Өзүбүз да бир айласын тапсак болмок, бирок чара жоктой сезилип турат. Россияда да долларды кармаганга 1% комиссия киргизип койду. Бизде бул абалга жооп жок болуп, кыйын акыбал түзүлүүдө. Бул да Россия-Украина тирешинин, коюлган санкциялардын бизге тийген кесепеттери. Бирок акырындап мамлекет жол табат деген ишеничтемин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити