Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: “Чындап чыкынчылык болсо, Мадумаров менен кошо 10-15 киши суралышы керек”

Эмил Жороев: “Чындап чыкынчылык болсо, Мадумаров менен кошо 10-15 киши суралышы керек”

28-январь, 18:00
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мадумаров кайра-кайра тергөөгө чакырылууда. Жазаланышы керекпи?

-- Менимче, мыйзам чегинде күнөөсү жок. Кайра-кайра чакырганы саясый жүйө. Шайлоонун алдында эле президент тарабынан бир нече ирет шардана болгон.   Бир канча жылдан бери Адахан Мадумаров оппозицияда жүргөн саясатчылардын көрүнүктүүлөрүнүн бири болгондуктан, Сооронбай Жээнбековдун жана башка президенттердин тушунда деле бир канча жылдан бери активдүүрөк болуп, үнү угула баштагандан бери ушул маселе көтөрүлүп келет. Мен ушул иштин деталдарынан маалымат алгандан бери негизи бул жерде мыйзам бузуу болгон эмес жана ишке аша турган эч нерсе жок демекчимин.  Чындап чыккынчылык, же мамлекетке чоң зыян келтирилген болсо, бир эле Мадумаров эмес, дагы кеминде 10-15 киши суракка чакырылышы керек. Ошол кездеги мурдагы президент баш болуп чакырылышы шарт. 

-- Каркыра ж.б. талаш жерлердин сатылышы боюнча кандай ойдосуз?

-- Каркыра, Тажикстан менен болгон талаш, чек арадагы маселе дагы Мадумаровго көтөрүлүп келген маселе. Каркыра боюнча Үзөңгү-Куушту да кошуп кетсек болот. Бул экөө тең талаштуу жагдайда эки кошуналарыбыз менен чек араны тактоодогу кайсы бир чечимдер... “Ал чечимдер туура болгонбу? Керек беле?” деген суроолор туулбай койбойт. Ал жер биздин жерибиз, биздин ата-бабаларыбыз жайлоо кылып келген жерлер. 

Мыйзам чегинде канчалык кылмыштуу жагы бар экенин мен билбейт экенмин. Бул тергөөнүн негизинде чечилиши керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер