Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султан Раевдин унчукпай койгонунда улуулуктун изи бар...

Султан Раевдин унчукпай койгонунда улуулуктун изи бар...

03-сентябрь, 21:46
125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Саясатты айтпаганда да маданий, идеологиялык жактан аксагандарын, көп кемчиликтерин алп жазуучубуз Султан Раев байкап, бирок үн кошпой койгонунда эмне сыр бар? “Сууну да сиңген жерге куй” демекчи, “көңдөй челектерди” оңдогондон майнап чыкпасын түшүнгөндүр. Улуу инсандар коомдогу арбын кубулуштардан, күндөлүк көр-тиричиликтерден жогору туруп, унчукпай койгону да ошондон го?  

     Бирок улуттун, мамлекеттин беделине шек келе турган катачылыктар жасалып жатканда, мисалы, Сулайман Тоого курулуш башталарда Султан Раев кан буугандай токтотту. Аныгында Оштун мэри Жанар Акаев олигарх Нариман Түлеев менен биргеликте асма көпүрө салууну айтып, коммерциялык иштерди оозанып баштаганда, алардын “телибай жүрүштөрүнө” чекит койгонун окудук, күбө болдук. Эл жазуучубуз тыйбаганда балким булар Сулайман Тоону базарга айлантышат беле? Ыйык тообуз ЮНЕСКОго оңойлук менен кирбегенин, ал жакта орду бийик турарын, дүйнөлүк баалуу мурастардын катарында экенин баса белгилеп, Султан мырза ташка тамга баскандай келтирди... 

      Жараткандын жармач жашоосу ушундай экен. Гимнден башталган нааразычылык, Көчмөндөр оюндарындагы айрым алешемдиктер, сырты жалтырак, ичи ириген көрүнүштөр, айтор, көп жасалмалуу көз таңмай оюндардын уланып аткан кезеңи. Кези келсе баа берилеттир. Болбосо ошондой шорго татыктуу жашап өтүшсө керек... 

                                                    Кыян Сары
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер