Кыргызстан – сүйүктүү мекеним


Аликбек Жекшенкулов
(Башы өткөн сандарда)

“Салбурун” фестивалы
Ата-бабаларыбыздын көрөгөчтүгүнүн артынан бүркүтчү, тайганчылык сыяктуу өзгөчө кесипкөйлүк сапаттарыбыз сакталып калган. Акыркы 20 жылда Кыргызстанда “Салбурун” фестивалдары уюштурула баштаганы кубандырат – бул жырткыч канаттуулардын, иттердин жана жаа атуу боюнча аңчылыкка тиешелүү оюндардын топтому. Фестивалда улуттук оюндардын айрым түрлөрү жана ар кайсы аралыкка чуркоо боюнча ат чабыштар уюштурулат.
Жырткыч куштар, тайгандар менен аңчылык кылуу улуттук спорт оюндары статусуна эгедер. Фестиваль өткөрүү демилгесин Ысык-Көл облусу көтөргөн, бирок көп өтпөй ал башка аймактарга да жайылып кеткен.
“Салбурун” фестивалы, анын көңүл ачуудагы орду, эл арасындагы популярдуулугу, ошондой эле улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясына түрткү болгон.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2014-жылдын 9-14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ага 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Оюндарды өткөрүү чечими 2012-жылы Бишкекте өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде кабыл алынган.
2018-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 74 өлкөдөн этноспорттун 37 түрү боюнча 1976 спортчу катышкан. Оюндардын ардактуу коноктору Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов болгон.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында “Кырчын” жайлоосунда этношаарча, этнобазар жана пресс-борбор уюштурулган. Жалпысынан миңге чукул боз үй тигилген эле.
Оюндардын уюштуруучулары бир нече кылым мурун көчмөндөр жашаган атмосфераны, алардын рухун жана ички дүйнөсүн, табият менен болгон биримдигин кайра жаратты. Бирок эң башкысы, көчмөндөр цивилизациясы дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгү экени көрсөтүлдү.

Чыңгыз Айтматов: “Бизге эр жүрөктүүлүктүн ушундай даңазалуу оюнун калтырган ата-бабаларга алкыш!”
Кыргыз эли баардык доордо физикалык жана рухий жактан күчтүү адамдарды урматтап, даңктап келген. Ушундан улам, элдин ден соолугу чың, күчтүү, шамдагай, эч нерседен коркпогон, өз жерин, улутун, эгемендүүлүгүн коргоого жөндөмдүү жаштарды тарбиялоодогу ийгиликтерди жашыра албайбыз. Буга элдин турмуш тиричилигинин, жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү – улуттук оюндар, оюн-зооктор негиз болгон. Ата-бабалардын каада-салтын сактоо менен бүгүнкү күндө бир дагы элдик майрам ансыз өтпөй турган абалга келдик.
Байыркы замандан бери кыргыздарда ат чабыш, жорго салыш, улак тартыш, тыйын эңмей ж.б. ушул сыяктуу ат оюндарынын ар кандай түрлөрү кеңири жайылган. Алардын ийгилиги ар дайым аттын даярдыгынан, чабармандын чечүүчү учурда аны башкара билүүсүнөн көз каранды, бул көчмөндөр үчүн дайыма маанилүү эле.

Ат чабыш
Ат чабыш – 4 километрден 50 километрге чейин узак аралыкка атты чабуу. Жарышуу. Бул байыркы жана кеңири тараган спорттун түрү.

Жорго салыш
Жорго салыш – бат баскандардын жарышы. Жорго салышта эки темп менен тезирээк басышат. Мында жаныбардын буттары жуп-жубу менен өйдө көтөрүлүп, жерге түшөт. Бул басууда ат бир капталдан экинчи тарапка тоголонгондой сезилет, анткен менен эки туягынын үнү гана угулат. Ал эми чабууда аттар тезирээк басышат, көбүнчө талаа чабуусуна караганда ылдамыраак болот. Бул спорттун күйөрмандары жорго салышты жогорку сапаттагы ат минүүчү катары баалашат. Чуркоо аралыгы 2ден 10 километрге чейин болот.

Улак тартыш
Улак тартыш же көк бөрү – улак үчүн атчандардын командалык күрөшү. «Көк бөрү» деген сөз орусча «боз бөрү» дегенди билдирет. Ушул өзгөчө таймаштын тарыхы кылымдарга барып такалат. Бул оюн атчан жоокерди тарбиялоодо аскердик-прикладдык мааниге ээ болгон. Учурда көк бөрү кыргыз элинин эң белгилүү ат оюндарынын бири. Күрөштүн курчтугу, эпчилдикти колдоно билүү жөндөмдүүлүгү, атты башкаруу ыкмасы, техникалык жана тактикалык жөрөлгөлөрү боюнча ага тең келер оюндун түрү жок.

Оодарыш
Оодарыш – эки атчандын кол кармашы. Атаандашын аттан оодара түшкөн баатыр жеңүүчү болот. Бул оюнда атаандашын аты менен кошо кулатууга уруксат берилет. Абдан кызыктуу, эмоцияга бай оюн. Оодарышка түшкөн балбандардын күчү, шамдагайлыгы жана атка карата мамилеси мен үчүн мифтеги кентаврларды эске салат.

Кыз куумай
Кыз куумай – “кызды кууп жет” дегенди туюндурат. Илгери бул оюн үйлөнүү тойдун салты болгон, ага күйөө менен кыз катышкан. Болочок күйөө атчан кызды кууп жетип, өпкөнгө аракет кылат. Эгер жигит кызды кууп жетпей калса, алардын ролу алмашып, кыз баланын аркасынан камчылап сүрүп салат...
Тянь-Шандын амазонкалары
“Евразиянын археологиясы жана антропологиясы” аттуу илимий журналдан Тянь-Шандагы байыркы түрк “амазонкасынын” кийимдери менен курал-жарактарынын кайрадан жасалганын көрсөткөн макаланы окуп калдым. Окумуштуулар “байыркы авторлордун “амазонкалар болгон” деген ойлору реалдуу негизге ээ” деген тыянакка келишкен.
Менин элимде амазонкалардын каны бар экенинен эч кандай шегим жок. Буга көптөгөн далилдер бар. Биринчиден, бул эл арасындагы уламыштар. “Манас” эпосунда Карабөрк, Каныкей, Кыз Сайкал сыяктуу бир катар аял-жоокерлердин образдары берилет.
Каныкей намысын коргоп, Чубак баатыр менен кармашат. Ал укмуштуудай күчүнүн, кайраттуулугунун жардамы менен баатырды жеңип алганы аңызга айланат эмеспи.
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити











