Жаш кездеги таскагы, оор сыноо турмушу, аягы суюк аялы, карабаган балдары...
Алыскы Ат-Башы айылынан 80 жаштагы Турдалы Сулайманов аксакал келиптир. Тар чөйрөдө жолугуп калдык. Сыртыман тааныйт экен. Уйгактай жабышып, убактымдын тардыгына карабай “угуп кой мени, айта турган кебим бар” деп туруп алды. Өткөн кылымдын 60-70-жылынан баштап, азыркы кезге чейин жетти. Ал ортодо бери жагы эки саат өттү. Айткан-дегендерин кагаз бетине түшүрсөм батчудай эмес. Кино тартчудай окуяларын, андагы сынган тагдырын, үй-бүлөдөн бакыт таппаганын, акыры жалгыз, кароосуз калганда Ат-Башы РИИБ начальниги чакан үй салып берип, ал жигитке ак батасын берип, куунак жашоодо, бактылуу карылыкта өмүр сүрүп атканына ыраазы экенин айтып, “болду” деди. Анда кеп башынан кылалы, кыскарталы, урунттуу жерлеринен үзүп-үзүп берели.
“Жаштык кез, баёо турмуш”
-- Автодорожныйды артыкчылык менен өткөн кылымдын 60-жылдары бүттүм. Курч элем. Союз кезинде эле коррупция бар экен. Ревизорлук ишти беришти эле, менден чоң кызматта иштегендердин айыбын ача коём деп алгачкы жумуштан жылуу-жумшак “окуу борборуна” которушту. Аял алдым. Таластык эле. Жолдун алыстыгынан эки куда катташып, эшик-төр көрүшпөдү. Кыздуу болдук. Аны апам багып алган. Жердин алыстыгынан ажыраштык. Сот кызды мага калтырды. Кийин барсам кызым жок. Бир келин багып атыптыр. Тың экен. Жуунтуп киринтип, тамагын берип, жакшы багып атыптыр. Ага үйлөндүм. Айлык аз экенине карабай Нарынга МАИге жумушка орноштум. Алар мени Тогуз-Торого жиберишти. Эли бозо ичип алып мас болуп жүрө беришет экен. Таза киши жок. Жумушу жакпады. Акыры а жерден Кочкорго которушту. Аялым эндокрин жагынан оорусу бар экен. 3-4 жыл төрөбөдү. Дарыланып чыккандан кийин бир уул төрөп берди. Бир күнү тергөөчү менен үйгө келсек, аялымдын колунан идиштер ыргып кетти. Кысталак, аялым тергөөчүнү бир көрүп жактырып калыптыр. Эртеси ошо жигитке күйөөгө чыгам деп баламды көтөрүп алып кетип калды. Түндөсү мен дежурстводо жүргөндө “иш” бүткөрүп коюшуптур. Бирок, ал жигит менен болгону 4 ай жашады. Аялым кайра мага келип алды. Баланы кыйбадым. Айла жок макул болдум. Кочкордон кийин Нарынга которулдум. Улук лейтенант чиним менен МАИнин орунбасар кызматында иштеп калдым. Бир күнү аялымды ээрчитип алып көчөдө жүрсөм, автобустун шопурлары “эй, муну кайдан таап алгансың? Биз деген конечныйда бардыгыбыз “жайлап” жүрчүбүз” дегенде жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады. Анысына да караганым жок, балам үчүн баарын кечирдим. Кийин Ак-Талаага которуп ийишти, “оңдоп кел, жаман болуп кетти” дешип. А жерде да коррупциялык иштердин бетин ачып, далайлары менин айымдан кызматан айдалышты.
“Элдик контролдо иштеген коррупционерди камакка алгам”
-- Анын ичинде Нарындын народный контролун кызматтан алды. Ал эми шойкомдуу аялым менен акыры ажыраштым. Соттор атам салган тамды алып коюшуптур. Андан сырткары, алимент төлөп жүрдүм. Народный контролду эч ким ал кезде жумуштан ала алчу эмес экен. Мен алып койгонум үчүн мени Россияга уголовный розысктын окуусуна жиберишти. Ал жерден жакшы жумуш, жакшы кызды сунуш кылып, “окуу жайда мугалим бол” дешти. Макул болбой койдум. Кыргызстанга келдим. Россия мени мактап койгон экен. Келерим менен “Москвич” үлгүсүндөгү машине беришти. Башкармалыктын башчысы болуп калдым.
“Тарыхта мындай болгон эмес”
-- 30 жылдан бери кыш мезгилинде “Кызыл жарым ай” уюмунун жардамы менен бу жакта карылардын үйүндө болом. Жаз келери менен туугандарга кетип калчумун. Алар ары карап ыйлап, бери карап күлүп, эптеп батырып жүрүштү. Атам салып берген тамды ажырашкан аялым сатып ийген. Түздөн-түз мааниде талаада калгам. Быйыл үч бөлмөлүү үйлүү болдум. Бир кезде милиция жаатында өз колумдан тарбия алган балдар начальник болушту, чоң кызматтарды ээлешти. Ошолор, ветерандар Ат-Башынын РИИБ начальнигине кирип, “өмүр бою милицияда кызмат кылып пенсияга чыккан Турдалы аксакал үйү жок жүрөт. Үй салып берели” дешет. РИИБ начальниги бул демилгени чын ыкласынан колдоп, ардагерлер, шакирттерим менен биригип там салып берип, быйыл үйгө кирип жыргап калдым, “өз үйүм, өлөң төшөгүм” болуп. Учурдан пайдаланып Ишенбек Рысбаев, Рысбек Бакиров, азыркы РИИБ жетекчиси Болот Арзыгуловго, анын чоң жетекчиси Улан Ниязбековго ыраазычылык айтайын, орун басарын жиберип лента кесип, мени үйлүү кылышты. Бизде иштей турган жигиттер мына ушулар экен. Жүрөгүм жылып отурам. Тарыхта мындай болгон эмес!
“Катындын жүзү курусун!”
-- Ал эми ажырашкан аялыма балдарым алпарышты. Катын үйгө жолобойт экен. Бир балалуу болуптур. Негрден тууптур. 8-класс окуйт имиш. “Эки жерде эки төрт болот” дегенден башканы билбейт. Аялымдын жүзү курусун, ошо өз баласы менен бир төшөктө “иш” кылып жашап атыптыр. “Бешеная матка” болуш керек. Ким жакшы сөз сүйлөп койсо, ошону ээрчип жөнөйт. Ошо негр бала менен жаткан жерден кармап алып, көрөрүм менен кетип калдым. Негизи 6 балам бар. Төртөө эркек, экөө кыз. Катын балдарга мен жөнүндө жаман, ыплас сөздөрдү айта берип, алыстатып салыптыр. Азыр Улан деген уулум менен катташып турам. Аны деле катын өзүнө буруп алган. Беркилерден бир аз гана айырма бар. 20 миң сом пенсия алам. Ошол уулума жардам берип турам.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити