Айгүл Ниязалиева: “Балким Айтматовдой залкарды эл арасынан алып чыгабыз...”


“Жазуучу” долбоорунун өкүлү менен маек.
-- Адабий чөйрөгө абдан кызыктуу, жазуучуларга арналган сынак жүрүп жатат. Сынактын максаты кандай? Кимдер катыша алат? Чыгармалар кандай багытта болушу шарт?
-- Бул конкурсту Москва мамлекеттик университетинде эмгектенген профессор Марклен Коңурбаев деген мекендешибиз уюштуруп жатат. Ал өзү англис тили боюнча адис, котормочу. Москвада илимий чөйрөлөрдө орду бар бараандуу адам. Анын чоң котормо бюросу бар. Ошол кишинин демилгеси менен бул долбоор башталды. Биздин Jazuuchu.com деген сайттын алдында “Асман тоонун жаңырыгы” деген сынакка ар кандай курактагы адамдар поэзия эмес, кара сөз менен жазылган чыгармалар менен катыша алышат. Аңгеме, повесть, роман, эпос болсо кабыл алабыз. Ошондой шарттары бар. Марклен Коңурбаев жакында эле, 2022-жылы сэр Р.Ф.Бертондун Медина жана Меккеге ажылык тууралуу жеке эскерүүлөрүн изилдеп, англис тилине которуп, дүйнө жүзүндөгү дүйнөлүк басылмаларга берип, китеп кылып чыгарган экен. Бул окуядан кийин “эмнеге биздин кыргыздардан дүйнөлүк адабиятка алып чыгууга болбойт?” деген ойго келет. Анан “балким Айтматовдой залкарды эл арасынан алып чыгабыз” деген максат менен бул долбоорду жаратты.
Сынак тууралуу социалдык тармактарда кеңири берилип жатат. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар күчтүү экенин баамдадык. Ошол жактан ар кандай курактагы катышуучулардан заявкалар келүүдө. Анын арасында айымдар да, жаштар да бар. Эң таңгалычтуусу, мурда эл аралык сыйлыктарга ээ болгон авторлор да катышып жатышат. Азырынча алардын ысымын жарыялабайбыз. 30-мартка чейин заявкаларды кабыл алабыз. Андан кийин биздин комиссия орус тилинде келген чыгармаларды орус тилдүү комиссия курамы, кыргызча чыгармаларды кыргыз тилдүү комиссия курамы карап, аты чыккан адабиятчылар, публицисттер, жазуучулар баа коёт. Орус тилдүү чыгармаларды караган комиссиянын курамында белгилүү адабиятчылар Валентина Суслова, Бактияр Койчиев жана Москвадагы белгилүү филолог, профессор, жазуучу Михаил Голубков бар. Ошону менен бизде бир нече комиссия болот. Конкурска келген чыгармаларды биз кыска тизме жана узун тизме категориясына кабыл алабыз. Учурда узун тизме менен иштеп жатабыз. Ошол жерден тандап алып, кыска тизмеге өтөбүз. Эң жогорку баага ээ болгон автордун чыгармаларын долбоордун жетекчиси Марклен Коңурбаев өзү жеке англис тилине которуп, аны дүйнөлүк басылмаларга жөнөтүп, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу максатын коюп отурат.
-- Кыргызча чыгармаларды караган комиссия курамында кимдер бар?
-- Бул конкурс Кыргызстандын адабий чөйрөсүндө жана Москвада аябай чоң кызыгуу жаратууда. Биздин чоң жазуучуларыбыз жана публицисттерибиз Султан Раев, Калык Ибраимов, Сулайман Кайыпов, Жылдыз Урманбетова сыяктуу комиссия мүчөлөрү тууралуу айтсак болот. Проза жазып интернет айдыңына чыккан – бул жакшы. Сенин чыгармаңды издеп окуган окурманың болсо, андан да жакшы. Ал эми адабий чөйрөдө дүйнөнү дүң кылган жазуучулар Айтматовдон кийин жарала элек. Андыктан дүйнөгө тааныла турган жаңы ысымдар жаралса – бул биздин чоң утушубуз. Ошон үчүн бул мамлекеттик колдоого татыктуу чоң долбоор болуп саналат. Билгендер бул долбоорду баалап жатышат.











