Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Колубаев, серепчи: “Бизде аксакалдар жок, жалаң “акшакалдар” толуп кетти”

Төрөбай Колубаев, серепчи: “Бизде аксакалдар жок, жалаң “акшакалдар” толуп кетти”

30-октябрь, 17:10
706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөбай мырза, эмнеге акыркы мезгилде кыргыздын аксакалдары, тагыраагы, интеллигенциясы саясатка үн кошпой, сунуштарды айтпай калышты?

-- Катуу айтсам аксакалдар таарынбастыр. Биздин интеллигент аттуу-баштуунун көбү калыстыктан тайып, башын катып, үн чыгарбай калышканына көп жыл болгон. Бир тобу аксакалдар эмес “акшакалдар”, келген бийликке кошомат кылышып, эптеп күн көрүшүп, сыйлык алып жүрүшөт. Айрымдарынын былыктары чыгып, элдин оюна келбеген иштерге аралашканы да айтыла баштады. Чын-бышыгын билбейм, бирок мурунку спикер болгон адам мектепти өзүнө чыгарып алды деген маалымат желдей тарады го...

Ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дагы учурундагы алешемдиктери ачыкка чыга баштады. Сыягы, алардын кызмат алып, бул тарапка өтө калгандары жөн жерден эмес окшойт. Кызматты көксөгөндөрү шантаж жолу менен болсо да ийгиликке жетүүнү ойлошкондой. Ал максаттары ишке ашпай калганда былыктары чыгууда. Куйругунда калбыры барлар аксакал катары кантип элге акыл айтышат? Мамлекетти өнүгүү жолуна салбай эле аласалдырышат да, туурабы? Менимче, коомчулук деле алардын акылына муктаж эмес. Чынында эл көп жылдан бери эле өз жүгүн өзү көтөрүп келатат. Аксакалдарыбыздын көбү айрым иштери боюнча элге жек көрүнүп, өздөрүнө “акшакал” деген мөөрдү басып алышкан.

-- Парламенттин депутаттары кызматтан кетүүсүн айткан министрлерге президент реакция кылбай жатат го?

-- Бизде парламенттин мурункудай күчү жок, укуктары да чектелүү. Ошон үчүн бакылдашканы менен катуу талап кыла албай жатышат. Эдил Байсаловду “кызматтан кетсин” деп чурулдашты эле, ага эч ким маани берген жок. Кыгына куурай сайылбады. Канча деген министрлерге акаарат келтирилди. “Туура эмес иш-аракеттерине баа берилсин. Урматтуу президент, кызматтан алыңыз!” дешти, бирок алар иштеп эле жүрүшөт. Чынында баардык маселени президент эле чечет. Жогорку Кеңештеги депутаттардын айтканынын баары эле эске алынбай, акыркы мезгилде парламент кайым айтышкан аянтчадай эле болуп баратат. Эмнегедир президент дагы акыркы мезгилде депутаттардын айтканына анча реакция кылбай калды.

Негизи өкмөт мүчөлөрү менен парламенттеги пикир келишпестикти айтсак, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө мындай көрүнүштөр бар. Аларда дагы талаш-тартыштар боло берет, бирок маселени чечүүнүн жолдору башка...

-Баса, шаардык кеңешке аттангандардын көбү мурдагы аттуу-баштуу адамдардын уул-кыздары, неберелери экен деп сындагандар көп. Депутаттык атадан балага, чоң атадан небереге мураска” өткөн чагыбы

-- Шаардык кеңештин шайлоосуна мурдагы чоңдун балдары, жээндери, неберелери катышып жатышат. Анткени, бизге сооп жок. Өзүбүз аларды шайлап, убадаларына, дагы башка нерселерине алданып жатабыз. Төбөбүзгө тийип жаткан ташты көрсөк да, башыбыз шишип, денебиздин ооруганын сезип турсак дагы ишенип, добуш беребиз. Аларды “оңолот, жакшы иштейт деп ойлойбуз. Айрымдарыбыз депутат болуп калса жарыгы тийет деп кошомат кылабыз. Анан депутаттыкты мураска алгандар кутурат да. Маселе аларда эмес, шайлаган өзүбүздө болуп жатпайбы...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер