Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Шаардын борборун чет жакка көчүрүп, жаңы калаа салалы”


-- Акбөкөн Дүкенович, автобекеттин көчүшүнө байланыштуу шаардыктар арасында ар түрдүү пикирлер жаралууда. Аны колдогондор да, каршы болгондор да бар дегендей. Жеке сиз анын көчүрүлүшүнө кандай карайсыз?
-- 1981-жылы мен армияга кетип атканда бул автобекет жок эле. Кайра кайтканда ушул жаңы автобекетке келгем. Андыктан, ал мен үчүн кымбат нерсе. Эгерде аны «эскирди, жарабай калды» деп бузсак, анда андан эки-үч эсе чоң, кооз имарат салууга тийишпиз. Бирок менин оюмча, шашылыш болуп калды окшойт. Адегенде жаңысын бүтүрүп туруп, анан көчүрсө болмок.
-- Жылдыруудагы негизги максат – жолдогу тыгынды азайтуу экен. Кандай дейсиз, автобекеттин орун которгону тыгынды азайтабы?
-- Менин оюмча, анчалык азайта албайт го. Себеби, шаар эски долбоор менен курулган. Көчөлөрдүн көбү тар. Андыктан, бул көйгөй жакын арада чечилбейт. Эртең менен, анан түштөн кийин тыгын сөзсүз болот. Шаарга эле шарт түзүп, региондорго түзбөсөк, эл бул жакка көчүп келе берет. Тыгын дагы да көбөйөт. Ошон үчүн региондорду өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ошондо гана тыгындар азаят. Анан шаардагы көп түзүмдөрдү чет жактарга чыгарышыбыз керек. Шаардын борборун чет жакка көчүрүп, жаңы калаа салуу кажет. Эски көчөлөрдү кеңейтип, оңдоо өтө кыйын да. Бактар бар... Ишкерлерге жер берип, машина токтоочу жайлар курулса, менин оюмча, бул да тыгындардын азаюусуна шарт түзөт. Эң башкысы, унаа айдоочулар өздөрү тартипке келбесе болбойт. Көрүп атпайсыңарбы, машинасын көчөгө таштап эле кете беришет.
-- Азыркы мэрдин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
-- Мектептегидей да. Он эки сабак болсо, окуучу бирөөнөн “5” алат, бирөөнөн “4”, же “3” алып калат. Мэр да баардык сабактарынан “5” алып атат деп айтыш кыйын. Бирок, мурунку мэрлерге салыштырсак, иштер жүрүп, жолдор оңолуп атат, жаңы автобустар келүүдө. Айтор, аракет кылып атат го деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити











