Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Медицина бизнеске айланып кетти”

Калдарбек Абдраманов: “Медицина бизнеске айланып кетти”

29-январь, 09:00
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Калдарбек агай, өткөн жумада “шыпаакана” маселеси көтөрүлгөндө саламаттык сактоо тармагындагы мышык ыйларлык абалыбыз тууралуу да айтылды. Бүгүн алыскы аймактарыбыз кандай күн көрүп жатат?

-- Аймактарда эле эмес, жалпы мамлекеттик медицинанын акыбалы начар. Эң негизги көйгөйлөргө токтолоюн. Биринчиден, медиктердин эмгек акысы өтө төмөн. Төмөн дегеним, медиктердин ач калбай жашоосуна, тиричилигине, үй-бүлөсүн бакканга, жөнөкөй эле муктаждыктарына азыркы эмгек акы жетишпейт. Ошол себептен министрибиз медиктердин маянасын миң долларга чыгарыш керек деп жатат. Экинчи көйгөй, мамлекеттик ооруканаларда медициналык жабдуулардын эбак эскилиги жеткен, көбү иштебейт. Совет доорунан бери жаңыланбаганы өкүнүчтүү. Дарылоо ыкмалары көбүнчө эски. Толук заманбап жабдуулар менен камсыздалган ооруканалар саналуу гана. Жаңылары алынганы боюнча алсак, заманбап керектөөлөр тегиз ооруканалардын баарына эмес, чаржайыт, тийип качмай, ким катуу кыйкырса ошолордуку болуп, ооз басырык катары алынып, таркатылып жатат. Үчүнчүдөн, ооруканалардын имараттары эскилиги жеткен, четинен урап жатат. Жаңы курулгандары өтө чакан жана бирин-экин. Имараттардын 80%ы капиталдык ремонтту же толук жаңылоону талап кылат. Төртүнчүдөн, жалпы медициналык абал, өзгөчө тар адистештирилген кызматтар элдин санына жараша, айылдардын, шаарчаларыбыздын географиялык жайгашышына жараша жетиштүү эмес. Талапка ылайык эмес. Бешинчиден, медицинанын азыркы иштөө системасы биздин элдин саясый-экономикалык, географиялык жашоо шартына, интеллектуалдык деңгээлине, таалим тарбиясына жана негизгиси "чөнтөгүнө" туура келбейт. Алтынчыдан, кадр даярдоодо сандык да, сапаттык да чоң мүчүлүштүктөр бар. Ошондуктан дарыгерлер жетишпейт. Соңку жылдарда медайымдар да жетишпей баратат. 

-- Элдин медицинага ишеничи кандай? 

-- Акыркы чоң көйгөйлөрдүн бири – өкмөттүн жана элдин медицинага болгон мамилеси, көз карашы терс жакка өзгөрдү. Ошол себептен медиктердин өзүлөрүнүн да медицинага болгон көз карашы жаман жагына өзгөрүүдө. Медицина бизнеске айланып кетти. Ушул жана башка дагы айтылбаган кемчиликтердин негизги себеби – медицинага каралган акча каражаттын кескин жетишпегени. 

-- Демек, эмне кылыш керек? Канткенде системаны оңдойбуз? 

-- Мен ушул масалелерди чечүүнүн жолу катары акыркы 10 жылдан бери өзүмдүн медицинанын каржылоо жана башкаруу системасын модернизациялоо боюнча программамды улам жаңы келген өкмөткө сунуштап, массалык маалымат каражаттарынан айтып келем. Азырынча жыйынтык жок. Ал программанын негизи – медицинанын өнүгүшү үчүн системанын ички каржы булактарын таап колдонуш керек. Ошондо гана система көз карандысыз өнүгөт. Антпесек сырттан келген долбоор программалардын, фонддордун жардам акчаларына же өкмөттүн өрт өчүргүчтөй тийип качып, системанын ичинен орун алмаштырмай, бирин жаап, экинчисин ачмай жолу менен "реформалоо" жалпы медицинанын өнүгүүсүнө өбөлгө түзбөйт. Жаңы жалпы системалык реформа керек. Антпесек акыбал кечээ, бүгүн кандай болсо, эртең ошол бойдон калат, андан да начарлайт. Мамлекеттик медицина дээрлик алсырайт, жеке менчик медицина гана өнүгөт. А жарандарынын 60%ы жарды өлкөнүн эли үчүн бул чоң көйгөй, трагедия болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер