Акыркы кабарлар
» Коом » Ачкачылык, зарыккан үй-бүлөлөр же судья Марат Сыдыковдун жан кейиткен аракети
Ачкачылык, зарыккан үй-бүлөлөр же судья Марат Сыдыковдун жан кейиткен аракети
25-август, 23:27

ЖАМК Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши 22-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекемеге жазуу жүзүндө арыз бергенин кабарлады. Алар Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырышууда.
Кыргыз элинин эртеңки келечегине кайдыгер карабай, ачык айтып, ак сүйлөп, эми эч маанисиз эле бир жылга жакын убакыттан бери абакта отурган “кемпирабадчыларга” жаның кейийт. Ар биринин артында соттон сотту күтүп зарыккан үй-бүлөсү, бала-чакасы, карыган ата-энеси бар. Алардын убалдары кимге? Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун бул аракетин кандай түшүнсө болот?
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал адамдарды мынчалык басынтуу – бүгүнкү күндүн абалынын чагылышы. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков сот отурумун улам эле жылдырууну токтотуп, ишти тездетпейби! Анын зарыктырган аракети таңгалдырбай койбойт."Азия Ньюс" гезити