Ошто токко урунган жоокер каза болду


Ошто токко урунуп, ооруканага түшкөн жоокер каза болуп калды
Жабырлануучу 6-декабрда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алынган. Кечки саат алтыдан өтүп, абалы кескин начарлап кеткен.
Ал жогорку вольттуу электр зымынын жанынан өтүп баратканда сактык чараларын колдонбогон. Алдын ала маалымат боюнча, бул — кокустук» катары катталды.
Каза болгон Ш. у. А. 23 жашта болчу.
Эске салсак, окуя 4-декабрда Гүлчө айылында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. №92843 аскердик бөлүктүн радиотелефонисти жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратканда радиостанциянын антеннасы аркылуу ток урган.
Жабыркаган аскерге медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканада болчу. Абалын доктурлар орточо оор деп мүнөздөп жатышкан.
Окуя болгондон эки күндөн кийин аскер каза болуп калды.
Aryba.kg