Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Электрондук добуш берүүгө өтсөк, шайлоочулардын саны көбөйөт”
-- Мейкинбек Акимович, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо элдин келүүсү бир топ эле төмөн болду. Мындай көрүнүш эмнени билдирет?
-- Билесиз да, мурда республика боюнча шайлоо болгондо жалпы үгүт жүрүп, дээрлик баары тартылчу. Бул жолу болсо шайлоо бир эле округда өттү. Менимче, ошол себептүү азыраак болду го. Анан чынын айталы, мойнубузга алалы, мурункудай элди ташып келүү, добуштарды сатып алуу жок азыр. Мен “такыр эле жоюлду” дебейм, бирок азыркы бийликтегилер шайлоонун мурдагыга караганда кыйла таза өтүүсүн камсыздай алышты. Кайсы гана талапкер болбосун, мыйзамды бузгандан коркуп калды. Кечээки шайлоодогу добуштарды сатып алуу фактысы боюнча тийешелүү органдар текшерип көрүп, анан жообун айтышаар.
-- Кандай дейсиз, кийинки шайлоодо элдин келүүсү мындан да азайып кетпейби?
-- Мен ойлойм, жылдан-жылга көбөйүшү керек. Себеби, кийинки шайлоодо электрондук добуш берүүгө өткөнү жатышат. Андай болсо, шайлоочулардын саны дагы көбөйөт.
"Азия Ньюс" гезити