Көздүн көрүүсүнө кайсы азыктар өтө пайдалуу?

Сабиз: чийки сабиз, андан жасалган салаттын түрү бета-каротинге бай. Бул витамин көздүн көрүүсүн жакшыртат. Ал эми аны күнүмдүк тамактанууда колдонсо, көздүн катарактасы сыяктуу олуттуу оорунун алдын алса болот.
Карагат: карагаттын данында, жалбырагында С, В1, В2 витаминдери бар. Темир, кальцийге бай. Бул мөмөнү кургатып, жалбырагын чайга кошуп демдеп ичсе болот. Анткени ал жаш өйдөлөгөн сайын көздүн көрүүсүн бир калыпта кармоого жардам берет.
Деңиз азыктары: балык жана анын майы көз үчүн миңден бир пайдалуу азык болуп саналат. Аны жумасына эки ирет 200-250 граммдан колдонуп турган жетиштүү. Балыктын майы көздүн кургап кетүүсүн, каректин чарасын сары так басып кетүүсүнүн алдын алат.
Ашкабак: бул азык цинкке, кальцийге бай. Ашкабак боткосу, ширеси көздүн курчтугун сактоого жардам берет. Эгер бул азыкты жумасына эки ирет колдонсоңуз, көз оорусуна кабылуу коркунучу 10%га азаят.
Быштак: В2 витаминине бай. Ал айнек челдин, чечекейдин зат алмашуусун жакшыртат. Быштакты жегенден сырткары маска катары көздүн тегерегине колдонсо, көздүн чарчоосун, кызарганын таратат.
Кара шоколад: бул азык көздүн кан тамырларын чыңдап, зат алмашууну жакшыртууга жардам берет. Негизги эреже: эч кандай кошулмасы жок таза шоколадды аптасына эки ирет колдонсо болот.
"Азия Ньюс" гезити