Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикет өттү

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикет өттү

15-июнь, 13:37
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламент имаратынын алдында аялдардын укугун коргоо акциясы өтүп жатат. Отуздан ашык активист кагазга жазылган “Мени өлтүрбө!”, “Зомбулукка жол жок!”, “Зомбулукту токтоткула!” деген өңдүү чакырыктарды көтөрүп чыгышты. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, муну пандемияга байланышкан өзгөчө кырдаал абалы менен түшүндүрүүдө.

Окуяга күбө болгон кабарчыбыздын маалыматына караганда, активисттер пикетти улантып жатат. Алар санитардык талаптарга ылайык, 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактап, беткап, колкап менен турушканын, эпидемиологиялык эреже бузбаганын айтышууда.

Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, “Бишкек парк” соода борборунун ажатканасынан 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөшкөнүн “Азаттык” жазып чыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер