Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Депутат Акбөкөн Таштанбеков: "Кадамжайда окуучу кызды өлтүргөндөрдү кайтарбасак, көп деле жашабайт"
Депутат Акбөкөн Таштанбеков: "Кадамжайда окуучу кызды өлтүргөндөрдү кайтарбасак, көп деле жашабайт"
13-сентябрь, 17:12

“Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында 9-класстын окуучусун зордуктап өлтүрүүгө шектүүлөрдү түрмөдө жалпы режимге коё берсе эле түрмөдөгүлөр өздөрү өлтүрүп коюшат”.
Мындай пикирин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков айтты. “Эгерде милиция жалпы режим менен жөн эле койсоңор, алар канча күн жашашат? Биз билебиз, аларды кайтарбасак, тергөө бүткүчө түрмөдөгүлөр өздөрү эле өлүм жазасын кылып коюшат. Демек, биз ошолорду өзүбүз кайтарып жатыптырбыз да. Негизинен аларга өлүм жазасы бар экен да. Булар ачыгын айтканда, көп жашабайт, эгерде биз кайтарбасак. Менин оюмча, өлүм жазасы бүгүн деле бар. Кайтарбай жөн эле койсок, үч күндөн кийин эле камерадан чыкпай калат” деди Акбөкөн Таштанбеков.