Президент Жапаров тайраңдаган Ташиевди жумуштан айдасын!
Кыргызда байыртадан сөз бар эмеспи, “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген. Анын сыңарындай, учурда өлкөдө кош бийлик турукташып калгандай. Мыйзамдуу шайланган эл башчы президент Садыр Жапаровдун бийлигин толук кандуу сүрөй албаган Камчыбек Ташиев ачык эле аны тоготпой, коомчулукка вакцинациядан баштап, ирригация менен тарификацияга чейин суроолорду “мен чечем” деп пресс-конференция өткөргөнүнөн эле байкалат. Депутат Жанар Акаев дагы эң туура баамдаган, УКМК төрагасы жеке өзү эле каалаганын камап, өлкө башчысын алсыздатып койду. Ташиевдин чексиз амбициясынан улам ички саясат толкундаганы аз келгенсип, тышкы коңшулар менен да мамиле болуп көрбөгөндөй бузулду. Так ушул кишинин ойлонулбаган провокациялары мекенибизди согуш коркунучуна алып келгени да буга күбө.
Бул жерде эч кандай маселе болбошу керек. Жакшы сөзгө келе алышпаса, Садыр Жапаров эртең эле Ташиевди жумуштан айдашы милдет. Ал канча жер тепкилебесин, жалпы элибиздин ишеничи учурда бир адамда. Шайлагандан кийин баарыбыз Нургожо уулу Садырга баш ийип, ага “тескери сийгендерди” тыйышыбыз абзел. Кыргыздын талабы азыр бир: Тартип орнотулсун! Өйдө жакта ырааттуулук жок болсо, мындан ары да интрига күчөп, ички-тышкы душмандардан чоң коркунуч туулуп, аягы жакшы бүтпөйт.
Тайлак Назымов
"Азия Ньюс" гезити