“Манас” жана Ташымдын талкаланган тагдыры


1946-49-жылдарда СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын “Фольклор” жана “Манас” эпосу” секторунун жетекчиси болуп иштеген Ташым Байжиев тунгуч манастаануучулардын бири. Анын 1940-жылы “Советтик Кыргызстан” журналына жарыяланган “Манас” аттуу көлөмдүү макаласы Касым Тыныстановдун 1935-жылкы докладындай эле олуттуу жана кызыктуу эмгек болуп эсептелет. Ташым Байжиев аталган макаласында “Манас” кандайдыр бир легенда, кыял эмес, кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый окуялардын, жеңиштердин жана трагедиялардын негизинде жаралган эпос деген идеяны ортого салган. Мындай бүтүм бүгүн көптөр үчүн демейки ойдой көрүнөт. Бирок бул өз учуру үчүн жаңы, маанилүү ой эле. Ташым Байжиев өз идеясын жөн эле декларациялап койбой, аны мүмкүн болушунча тарыхый фактылар менен ырастоого аракет кылган. Ал аталган макаласында минтип жазган: “Поэмада кыргыздар Манастын жетекчилиги менен күн чыгыштын күчтүү чоң мамлекеттерине – Кытай, калмактарга чабуул жасайт. Бул мамлекеттин борбор шаары Бээжиндин алыстыгы поэма боюнча 90 күндүк, кээде 40 күндүк, кээде 6 күндүк жол болуп айтылат. Кыргыз элинин башынан бул өңдүү чоң согуш, жеңиш өткөндүгү, кыргыздар эбегейсиз чоң уйгур империясын чаап, анын борбордук шаары – Бей-Пинди каратып алганы тарыхта бар. Поэмадагы айтылган Манастын казаттары жана жеңиши, колунда өкмөтү, күчтүү аскери жок анча-мынча элдин колунан келе турган иш эмес. Кытайды, калмакты, ооганды жеңген эл өтө күчтүү мамлекет болуш керек. Тарыхта IX жана X кылымдарда кыргыздын улуу державасы болгондугу, ушул учурда кыргыздын аскеринин саны бир эстеликте 400 миң, дагы бир эстеликте 80 миң болгондугу айтылган. Бул сандагы аскердүү кыргыздар Манастын казаттарын жасоого жана поэмада айтылган киши ишенгис жеңиштерге ээ болушуна толук жарактуу болгон. Анткени – бүтүн дүйнөнү караткан “Чыңгызхандын да 125 миң эле аскери болгон. Манас Кашкарды жеңгенде Кошойдун колу менен бирге аскеринин саны 300 миң экен. Жогорку айтылгандардын поэманын ичиндеги окуялар менен тарыхтагы кыргыз жөнүндөгү маалыматтардын өтө жакындыгы көрүнүп турат. Демек, бул жакындыктан биз Манас тарыхый окуянын негизинде куралган деп толук айта алабыз”. (Т.Байжиев Манас. – “Советтик Кыргызстан” журналы, 1940, №2, 82-бет). Ташым Байжиев мына ушинтип мисалдар менен ой жүгүртүп келип, “Манас” эпосунун жаралуу мезгилин IX кылымдагы улуу кыргыз державасынын доору менен байланыштырган. Кандайдыр бир жомок дебей, “Манаска” тарыхый мамиле жасап ой жүгүрткөнү Т.Байжиевдин методологиялык жактан кыйла сабаттуулугун күбөлөп турат. Ошондой эле анын тарыхый кругозорунун кеңдигин да айгинелейт. Андан ары Байжиев бул оюн дагы да кошумча аргументтер менен ырастоого далалат жасаган. Анын “Манас” эпосунун чыгыш доорун окумуштуу Бартольд жазган кыргыздын улуу державасы менен байланыштырышы олуттуу жаңы гипотеза болгон. Чынында эле кыргыздын улуу каганаты болбосо “Көкөтөйдүн ашына” төгөрөктүн төрт бурчунан “Кумурскадай жайнаган” түркүн эл келет беле? Ташым Байжиевдин бул чечмелөөсү бүгүн да актуалдуу.
Т.Байжиев 200 жылдан бери карай бардык манасчылар Манас баатыр арабдардын Мухаммед пайгамбары 632-жылы каза болгондон соң 300 жылдан кийин чыккан деп айтып келишкендигин жазып, анан Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы төмөнкү саптарды мисалга келтирет:
“Айта берсе бул сөздү,
Дайым болор ар ата,
Бир миң кырк жыл болуптур,
андан бери карата,
Казак, кыргыз уругу –
Кабылан Манас улугу.
Демек, С.Орозбаков өзүнө чейинки манасчылардын санжыра маалыматына таянып, биздин эранын 632-жылынан кийинки 300 жылды эсептеп келип, Манастын чыкканына 1040 жыл болот деген тыянакка келген.
Ташым Байжиев манасчылардын санжыра маалыматтарына жана Сагымбай манасчынын болжолуна негизденип, өзүнчө эсептеп, “Манас” эпосунун жаралган мезгилинен бери 1100 жыл чамасы болду деген жыйынтыкка келген. Бул да өзүнчө кызыктуу божомол. Бул гипотеза боюнча “Манастын” чыгыш доору негизинен IX кылымга туура келип жатат. Кыскасы, “Манастын” өзүнүн сюжеттик окуялары (мисалы, “Чоң казат”) менен тарыхый фактыларды салыштыруу аркылуу, ошондой эле манасчылардын санжыра-аңыз кептерине, Сагымбай манасчынын өзүнүн эсебине таянып, эпостун келип чыгыш доорун аныктоо боюнча Байжиевдин айткан гипотезасы окумуштууларды ойлонто турган олуттуу божомол деп санайбыз.
Ташым Байжиев “Манас” дастанынын көркөм сөз байлыгын, ырынын кереметин, поэтикалык сулуулугун, көркөм формасынын кооздугун бир гана манасчынын эмес, бири-биринин эстафетасын кылымдардан бери улантып келген көптөгөн манасчылардын коллективдүү эмгегинин жемиши катары баалаган. Мындай ойду кийин М.И.Богданова да айткан. Бирок ойдун биринчилиги Т.Байжиевге таандык. “Манас” поэмасынын “Кыргыздын социалисттик адабияты үчүн классикалык көркөм үлгү” экенин баса көрсөткөн. Т.Байжиев кеп болуп жаткан макаласында 1935-жылкы кеңешмеде К.Тыныстановдун “Манас” театралдык чыгарма” деген оюн андан ары улаган. Автор минтип жазат: “Манас” – бөтөнчө түрдөгү театралдык чыгарма болуп эсептелет. Жомокчу “Манасты” айтып жатканда кээде чыгарманын автору, кээде режиссеру, кээде артист, кээде дирижер болуп, театрдык таасирдин баарысын жалгыз өзү аткарат. Манастын бул бөтөнчөлүгү искусствонун өсүш тарыхын үйрөнүүдө баалуу материал”. “Манастын” өзгөчө статустагы чыгарма экендигин Т.Байжиев дал ушундай белгилеген.
Ташым Байжиевдин “Семетейге кириш сөз” макаласы да манастаануунун тарыхындагы урунттуу эмгектердин бири. Аталган макалада Т.Байжиев тарабынан кол жазмалар фондусундагы “Семетей” эпосунун 14 варианты бири-бирине салыштырылып, аналитикалык талдоо жүргүзүлүп, бардык варианттарга мүнөздүү негизги сюжеттик өзөк-канванын аныкталгандыгы баян этилген. Ал жөнүндө Т.Байжиев мындайча жазган: “Өткөн кылымдан берки аты маалым жомокчулардын жана ушул күндөгү жомокчулардын баары “Семетейди”: 1) Семетейдин жетим калып, Букарда өсүп, Таласка келиши; 2) Семетейдин Чынкожо, Толтой менен согушуп, Айчүрөктү алышы; 3) Семетейдин Коңурбай менен согушу; 4) Семетейдин өлүмү-деп, төрт бөлөк окуя кылып айтышат. Бул окуялар бардык семетейчилерге орток, негизги сюжеттик сызык. Бул төрт бөлөк окуялардын түйүнү, жогоруда биз айткандай “Манас” поэмасынан башталат да, ар биринин аягы өзүнчө чечилип бүтөт” (көрсөтүлгөн макаласы).
Т.Байжиев бул макаласында “Манас” эпосу менен “Семетей” эпосун сюжеттик-тематикалык, стилдик жактан салыштырып, “Манаста” жоокердик-баатырдык мотивдер көбүрөөк болсо, “Семетейде” жеке мамиледеги турмуштук карама-каршылыктарды чагылтуу үстөмдүк кылып, эпос өзүнүн лирикалык-эпикалык мүнөзү менен айырмаланарын белгилеп көрсөткөн. Кыскартып айтканда, Ташым Байжиевдин “Семетейдин” варианттарына мүнөздүү жалпы орток сюжеттик сызыкты аныкташы, аталган эпостун лиро-эпикалык мүнөзүн тастыкташы ошол кездеги манастаануу үчүн жаңылык болгон. “Семетейге кириш сөз” макаласында автор “Манастын” идеялык баалуулуктарына көңүл буруп, эпостун кыргыз элине эркиндик идеяларын тартуулап, ар дайым патриоттуулукка үндөп келгендигине басым коюп, “элдик энциклопедия, көркөм сөздүн тунугу, оозеки өнөрдүн калың каймагы – “Манас” гректердин “Иллиада”, “Одиссеясындай” эле кайсы гана заманда болбосун адамга керектүү маанисин жоготпойт” деп жыйынтык чыгарган.
Ташым Байжиев “Кыргыз адабияты” окуу китебинде манасчылардын “түш көрүү” маселесин да рационалисттик ой жүгүртүү аркылуу ынанымдуу түшүндүрүүгө жетишкен. Аалымдын аныктоосуна көңүл буралы: «Арбак» түшүнүгү кыргыздын диндик маданиятында илгертен адамдардын канына сиңген түшүнүк. Кыргыздардын «ата-бабанын арбагы колдосун» деп бата бериши бекеринен эмес. Кыргыздар үчүн Манас ата ыйык болгон. Манас атанын арбагы тирүү, ал колдойт деп ишенишкен. Ошон үчүн мал ылаңдап калганда Манас айтып дарылоо орун алган. Манас ыйык деп саналган соң, арбакка, динге ишенген манасчы өзүнүн Манас айтып калышын жөн жерден эмес деп эсептеген да, манасчылыкты ыйык, кудуреттүү көзгө көрүнбөгөн күчтүн мага тартуулаган шыбагасы деп ойлогон. Көргөн түшүн Манастын арбагынын каалоо-тилеги же буйругу катары кабылдабай койгон эмес. Буга кошумча өзүнө чейинки манасчылардын жомокчулугун түш менен байланыштырганы да, ага таасир берип, өзүнүн түш көрүүсүн арбактардын сыр бергендиги катары туюнбай койбогон. «Түш көрүү» жөрөлгөсүнө элдин да ишенгендигинен улам өзүнүн түшүн ал Манас айтууга жогорку күчтөн бата алгандыгы катары туюп, демек, өзүнүн баркын көтөрүш үчүн муну айланасындагыларга айта жүргөн» (Т.Байжиев, З.Бектенов, Кыргыз адабияты.- Фрунзе, Кыргызмамбас, 1948, 55-бет). “Түш көрүү” маселесин социалдык чөйрөнүн, патриархалдык жамааттын диндик менталитетинин контекстинен карап, туура чечмелегени Байжиевдин маданий-социологиялык ой жүгүртүүсүнүн ошол кезде эле кыйла жетик экендигин күбөлөп турат. Кыскасын айтканда, Ташым Байжиевдин “Манас”, “Семетейге кириш сөз” аттуу түптүү, уюткулуу макалалары бүгүн да актуалдуулугун жоготпой, олуттуу ой-пикирлерди камтып тургандыгы менен балуу. 1952-жылкы конференцияда “Манас” элдикпи же элдик эмеспи деген суроо коюлуп жатса, Т.Байжиев 40-жылдарда эле даңазалуу эпостун чыныгы элдик чыгарма экендигин ырастап койгон.
Ташым Байжиев 40-жылдары “Манас” секторунун жетекчиси катары улуу эпосту эл оозунан жыйноо, кол жазмаларды оңдоо, басмага даярдоо боюнча уюштуруучулук түмөн түйшүктүү иштерди мойнуна көтөргөн. Ошол жылдарда анын түздөн-түз катышуусу менен “Манас” үчилтигинин 21 тому басмага даярдалган. Бул эмне деген мээнет, эмне деген эмгек? Ал Мухтар Ауэзовдун илимий жетекчилиги менен “Семетей” эпосу боюнча диссертациясын да жазып жаткан. Мына ушинтип, Манас асманында акырындап манастаануучу катары жылдызы жанып келатканда, 40-жылдардын аягында күтүүсүздөн башына кара булут айланып, Ташым Байжиев тагдырдын катуу соккусуна дуушар болот. Бул тагдыр соккусунун тамыры 1946-жылкы ВКП(б) Борбордук Комитетинин «Звезда», «Ленинград» журналдарынын «саясый каталары» жөнүндөгү токтомуна барып такалат. Атактуу акын Анна Ахматова сындалган бул токтомдон кийин жалпы эле СССРде «космополиттерди», «улутчулдарды», «пантюркистерди», «панисламистерди», «эл душмандарын» издөө, жазалоо процесси башталат. Бул 1937-38-жылдардагы саясый репрессияны 40-жылдардын 2-жарымындагы экинчи толкуну эле. Кезек жүрүп отуруп «Манас» эпосуна келип жеткен.
«Феодал» Манасты даңазалап жазган, 1948-жылкы «Кыргыз адабияты» окуу китебинде «реакциячыл», «динчил» Сагымбай Орозбаковду мактап, жогору баалаган Т.Байжиев «буржуазиячыл улутчул» делип камакка алынат. 1950-жылкы КГБнын токтомун окуйлу: «Ташым Байжиев, являясь убежденным националистом и участником националистической группировки, существующий в ИЯЛИ Кир ФАНа, на протяжении ряда лет проводил враждевную деятельность, на идеологическом фронте, распространял антисоветские, националистические идеи и взгляды. На основании изложенного и учитывая особую социальную опасноcть обвиняемого,
постановил:
После рассмотрения дела по обвинению Байджиева Ташыма Исхаковича и определения меры наказания, заключить его в особые лагеря МВД СССР.
Начальник следственного отдела МГБ Кирг.ССР Подполковник Селиванов.
Согласен: Заместитель министра госбезопасности Кирг. ССР полковник Шаршенидзе.
«Утверждаю»
Министр госбезопасноати Кир. ССР» полковник Володин
10 июля 1950г.,(КГБ архивинен).
Мына ушинтип, бармактан соруп чыгарылган жалган жалаа, карасанатайлык менен кашкайып туруп айтылган караандай калп менен тоталитардык мамлекеттик машина Ата журтуна, айкөл Манас атага агынан жарылып, ак кызматын кылып жаткан кыргыздын патриот, шумкар уулунун канатын кайрып, тагдырын талкалаган. Ак жеринен күнөөлөнүп, күйбөгөн жери күл болгон Ташым Байжиев санаадан саргайып ооруп жүрүп, 1952-жылы Карагандынын түрмөсүндө каза болгон.
Ал 1925-жылдан баштап Фрунзедеги атактуу педтехникумда окуган, кийин 30-жылдары пединституттун орус филологиясы факультетин бүтүргөн, Батыштын жана Чыгыштын адабияттарын окуган билимдүү инсан болгон. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ташым Байжиев кыргыз көркөм котормо өнөрүнө да салымын кошкон. Ал Д.Фурмановдун «Чапаев» романын, Э.Распенин «Мюнхаузендин шумдуктары» чыгармасын, А.Треневдин «Любовь Яровая», А.Островскийдин «Сепсиз кыз» драмаларын, И.Тургеневдин, Л.Толстойдун, А.Фадеевдин айрым чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тартуулаган. Ташым Байжиев кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептерин жазган агартуучу да, драматург да, адабий сынчы да болгон. Эгерде саясый репрессияга дуушар болбогондо, замандашы З.Бектенов айткандай, ал абройлуу, залкар окумуштуу, атактуу манастаануучу болуп, илимий-көркөм интеллигенциянын сап башында турмак. Улуу мурас деп жүрүп канаты кайрылган Ташым Байжиев манастаануу илиминин башатында турган тунгучтардын бири. Анын ысымы манастаануунун тарыхында баштоочу катары түбөлүккө калат.











