Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чочуткан ковид, Арменияда каза тапкандар көбөйдү

Чочуткан ковид, Арменияда каза тапкандар көбөйдү

28-октябрь, 14:14
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустан көз жумгандар 26-октябрда эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси ал күнү 57 киши каза тапканын маалымдады. Өткөн жумада эле COVID-19 илдети 330дан көп кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда инфекцияны жугузуп алган адамдар да кескин көбөйдү. Соңку бир суткада вируска кабылган 1,5 миңден ашуун киши аныкталды.

Саламаттык сактоо министри Анахит Аванесян ооруканалар бейтаптарга толуп баратканын эскертти жана элди коомдук жайларда, транспортто беткап тагынып жүрүүгө үндөдү. 3 миллион калктын 10 пайызга жетпегени гана толук эмделген Армения Европада вакцинация жагынан акыркы орунда турат.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер