Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиев менен Орунбай Кочкоровду салыштырышып, баш чайкап жатышат...

Канат Жумагазиев менен Орунбай Кочкоровду салыштырышып, баш чайкап жатышат...

16-январь, 09:00
3 824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы жыл астында Ысык-Көл ОИИБ начальнигине Орунбай Кочкоров дайындалды. Өздүк курам шойкомдуу бир нерсени байкагандай. Ишенбөөчүлүк жаралып атабы?.. 

Эске салсак, убагында бул эргул Ленин РИИБде иштеп жүрүп, Айбек Абдразаковдун кадры катары сыпатталып, анын “колтугуна” кирген жайы бар. 2010-жылдан кийин Мелис Турганбаевдин командасына өткөн. Мекеден оомат тайганда Данияр Абдыкаровдун короосуна скекирип киргени образдуу сүрөттөлөт. Кадамжай РИИБ начальниги кезинде уурдалган машиналарды көзөмөлдөп, пул жасап жүргөнбү? ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кезинде баңгизаттарды кармап, ири суммадагы акчаларды жымырганбы? Сүлүктүнүн мэрин 44 кг героин менен кармап, “калтасын” кампайтканбы? “Кызыл шапкечендер” арасында дал ушундай төбө чачты тик тургузган суроолор кабыргасынан коюлуп келет. Ооз ачып жооп кылбаганы эмнеси? Баткен ОИИБ орун басары, ИИМдин 3-башкармалыгын начальниги кызматтарында деле чеке жылытарлык ишин байкабадык. Билими, тажрыйбасы талапка шайкеш эмес. 

Айтмакчы, Ысык-Көл ОИИБни Канат Жумагазиев профессионалдуу деңгээлде көтөрүп, ыраатка салып, милиция менен элди жакындатып, коопсуздукту камсыздап, алгылыктуу саамалыктарды жасап жаткан. Санариптештирүү, чарбалык, ж.б. Эми баары артка кетеби? Айтор, өздүк курам Канат Жумагазиев менен Орунбай Кочкоровду салыштырышып, баш чайкап жаткан кербездери экен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер