Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тез жардам” кечигип, аялынын төрөтүн күйөөсү кабыл алды

“Тез жардам” кечигип, аялынын төрөтүн күйөөсү кабыл алды

20-январь, 19:57
1 342 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте толгоосу кармаган аялдын төрөтүн күйөөсү кабыл алды. Экинчи наристесин күтүп жаткан аялдын толгоосу 17-январда башталган. Төрөттү кабыл алган ата “тез жардам кызматына байланышканын, 30 мүнөт бою бригада келбегенин, кайра чалса телефонду коюп салышканын айткан. Эч кимден жардам болбосун түшүнүп, колун жууп, аялынын төрөтүн кабыл алганын билдирген. Ал эми “тез жардам кызматы ымыркай төрөлгөндөн кийин келген.

Бишкектеги “Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов бригадалардын жетишсиздигинен улам чакыруу болгон жерге кайра жандандыруу тобу жөнөтүлгөнүн билдирди.

“Бизде бригадалар жетишсиз. Мындын улам чакыруу түшкөндөн кийин 30 мүнөткө чейин бригада жөнөтүлгөн эмес. Себеби, бардык бригадалар бош эмес болчу. Чакырган тарап көпкө күтүп калбашы үчүн жандандыруу тобу жөнөтүлгөн. “Тез жардам” кызматы жерине барганда аял төрөп койгону белгилүү болгон. Эне-бала төрөт үйүнө жеткирилген деди ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер