Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » 2020-жылдын 10 айына карата 152 кош бойлуу аялдан ВИЧ илдети аныкталды
2020-жылдын 10 айына карата 152 кош бойлуу аялдан ВИЧ илдети аныкталды
25-ноябрь, 12:09

ВИЧ энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Антсе да, ВИЧ инфекциясына чалдыккан кош бойлуу айымдар дени сак наристелүү боло алышат. Бул үчүн алар дарыгер дайындаган антиретровирустук каражаттарын өз маалында туура колдонуусу жетиштүү экенин республикалык СПИД борборунун дарыгери Эркин Тостоков билдирди.
Анын айтымында, ВИЧ инфекциясын жуктурган энелер алдын алуу боюнча эч кандай чараларды көрбөсө, же дары каражаттарын туура эмес колдонсо, төрөлгөн балдардын 30%ы ВИЧ оорулуу болуп төрөлүшөт. Эгерде кош бойлуулук учурунда тийиштүү терапия эрте башталса, анда баланын жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү 2-3%ды түзүп, калган учурларда дени сак балдардын төрөлүүсү толук мүмкүн.
2005-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан статистикага таянсак, 2020-жылдын 1-ноябрына карата жалпы (2005-жылдан берки жалпы сан) ВИЧ илдети менен каттоого алынган кош бойлуу аялдардын саны 1615. Республика боюнча жылына ВИЧ илдети аныкталган 150гө жакын кош бойлуу аял каттоого турат. 2020-жылдын 10 айына карата 152 кош бойлуу аялдан ВИЧ илдети аныкталган.