Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Исхак Раззаков академияны ачкан, Садыр Жапаров келип жапкан” деген кепке калтырбайлы

“Исхак Раззаков академияны ачкан, Садыр Жапаров келип жапкан” деген кепке калтырбайлы

21-сентябрь, 19:53
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизде бир топтон бери эле ар кандай жагдайларда “илимдер академиясын жоюш керек” деген ойлор айтыла калып жүрөт эле. Жакындан бери бул ишке аша турган болуп, президентке үч варианттагы указ даярдалып, анын бирине токтолушуп, эми кол койдурат шекилди. Эгерде бул план ишке ашып кетсе, Кыргыз тарыхындагы дагы бир кара так болуп калат. Анткени бүгүнкү күнгө чейин илим-билимде кандай жетишкендиктер болсо, ал академия менен байланыштуу. Академияны жоёбуз дегендердин аргументи “илимди профилдик ЖОЖдорго кошуп, эффективдүүлүгүн жогорулатабыз” дешет. Бул болбогон жол. Тармактарга илимди жайып жиберип, баш-аягы табылбай, боткосу ошондо чыгат. Академиянын иши процент менен же килограмм менен өлчөнбөйт да.

Нурсултан Назарбаев да тегерегиндегилердин сөзүнө ишенип, академиясын жоюп жиберип, кийинчерээк өкүнүп калганын казак досторум айтып жүрүшөт. Мына илим-билимдин баркы менен наркын билген чоң интеллектуал Касым-Жомарт Токаев казак академиясын кайра ачып, илимпоздордун айлык маяналарын көтөрүп, шарттарды түзүп берди. Айлык демекчи, биздеги илимдин доктору Акүй-Көкүйдөгү компьютер ойноп отурган кыздардыкынан 2-3 эсе аз айлык алышат.

Эми сөз финансы, акча жөнүндө боло турган болсо, албетте, бул жерде кеңеше турган, чече турган маселелер бар. Аны коомдогу бүгүнкү чакырыктарга карата эффективдүү чечүүбүз абзел. Алардын бири мүчө-корреспонденттик, академиктик стипендияны башка өлкөлөрдүкүндөй эле жасаш керек, башка да жолдор, методдор бар. 

Анан улуттук академиянын эле функционалдык милдеттерин кайталаган институттар, ар кандай структуралар бар, демек, каражатты жөнү жок эле пайдалана бербей, алар жасай турган иштерди да академияга берип, аткарылышын талап кылыш керек. Алардын бирине эле токтолоюн. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Топчубек Тургуналиевдин кыстоосу менен “Чыңгыз Айтматов Манас” академиясын ачты. Топчукенин тушунда ал жерде байма-бай Манас, Айтматов ж.б. маселелер боюнча “тегерек үстөлгө” окшогон ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп, кандайдыр бир жумуштар болуп жатат дегендей пикир калтырчу. Ал эми азыр манасчы Талантаалы Бакчиев барганы эч нерсе угулбайт. Коомчулукту кызыктырган башка маселе – ал академиянын негизги максаты эмне? Ал эмне иш кылат: Манасты изилдейби, популяризациялайбы, которобу же эмне? Эгер андай десек, бүт архив, документтер, кол жазмалар, чоң-кичине эпостордун кол жазмалары, анан калса негизги адистер бүт баардыгы улуттук академияда да. “Айтматов Манас” академиясы алгач ачылганда бул да Кытайдагы биздин кылымга чейинки мезгилдерден 1911-1913-жылдарга чейин Кытайдын официалдуу идеологиясы болгон Конфуцийдин окуусундай болот го деп божомолдогом. Анткени Кытай кийинки жылдары өздөрүндө жана бүт дүйнөдө Конфуцийдин этикалык-саясый окуусун жайылтып, ошого басым жасап жатышат. 

Азыр эми бир нерсе десең эле “президенттин тууганы кокуй, сөз тийип кетет” деп эле тайсалдап турушат, ошентсе да айтып кетейин. Талантаалы Бакчиев жакшы манасчы. Аны мен “саясый илимдеринин доктору болом” деп (Манас боюнча) келген кезде чоң авантюрадан сактап калдым. Азыр ал филологиянын чоң доктору – жарашат. Ал эми Манастын тегерегиндеги мамлекеттик саясат – бул өзүнчө чоң тема. Эми Талантаалы ал академияны эмне кылат? Кайсы материал, кайсы адистер менен иштейт? Ал жерде иштеп жаткан Баяс Турал менен С.Кайыпов да улуттук академияга кире качышыптыр. Ошондуктан эгер биз Манасты Конфуцийдикиндей философиялык маңызын көтөрүп, кыргызга идеология кылабыз десек, кадр даярдабайлыбы? Ага чейин аларга сарпталып жаткан миллиондогон каражатты улуттук академияга эле берип, жанагы имаратты да башка ишке пайдаланбайлыбы? Колубуз жука болуп турганда прагматикалык саясат жүргүзбөйлүбү?..

Падышачылык Орусиядан тартып Хрущёвго чейин эч бир бийлик Орусиянын академиясына тийген эмес жана такай колдоп келген. Хрущёв “күйөө баламды лауреат кылбай койдуң” деп академиянын президентин иштен алган. Ал мамлекет кийлигишип кызматтан алынган алгачкы президент болгон. Бизде да Эркебаев менен Атамбаевдин мамилеси начар болуп, “академияны жоём” деп катуу киришип калганда, “эгерде маселе менде эле болсо, кетейин” деп арызын жазып берип, академияны сактап калган. Эми болсо УИАга тийешелүү 12 илим-изилдөө институттарын ЖОЖдорго өткөрүп берет экен. Муну менен өздөрүнүн окуу-тарбия иштерин, билим берүүнүн сапатын көтөрө албай жаткан ЖОЖдор биротоло чайналып бүтөт экен да. Билим берүү министри аны (илимди) кантип координациялайт? Ошол эле медицина, тоо-кен, айыл чарба жаатындагы тармактын өзүнүн да министрликтери бар да. Указдын долбоорунда өтө көп баш айланткан, будамайланган жерлери арбын. Айталы, “академиянын институттарынын жанаша жаткан жер участоктору менен” дегенине караганда, кимдир бирөөнүн ал участокторго кызыкчылыгы барбы? Дагы бир кызыгы, “жалпы республикалык бюджеттин бир пайыздан кем эмеси илим-техникага каралсын” деп жүрөт. Бул деген ондогон жылдардан бери академия сурап жүргөн сумма, айрым мамлекеттерде 3%га чейин бар. Ал эми билим берүү министрлиги жылына илимдин эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн мониторинг жүргүзөт экен. Илимдин эффективдүүлүгү эмес, бизге жакынкы 3-5 жылга кайсы предметтер боюнча канча мугалим керектигин тактап, мектептер менен ЖОЖдордо окутуунун сапатын көтөрүү менен алектенбесе, жакында кат тааныбаган “жогорку билимдүүлөр” чыгышы ажеп эмес. 

Кыскартып айтканда, илимдер академиясы керек. Анын эффективдүүлүгүн көтөрө турган жолдор көп. Академия ичинде реформа жасай турган жагдайлар бар. Мезгилдин талабына ылайык оңдоп-түзөп, мамлекеттик жана коммерциялык, инвестициялык конкреттүү долбоорлорду көбөйтүү зарыл. Указдын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, академияга жакшы шарттарды түзүү жана талап кылуу керек. Болбосо “Маленков берген байталды, Хрущёв келип кайра алды” дегендей кылбай, “Исхак Раззаков академияны ачкан, Садыр Жапаров келип жапкан” деген жакшы эмес тарыхый сөзгө урматтуу президентти түртүп жатышат. Ким билет, ар түрдүү жолдор менен академияны өздөрү билгендей талкалашы, жоюшу мүмкүн. Бирок, беш же он жылдан кийин паам-парасаттуу бирөө бийликке келсе, академияны өз калыбына келтирет, так-даана тапшырмаларды, ири милдеттерди академиянын астына коёт.


Жолборс Жоробеков, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер