Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Курултай – элдин кубанычы менен ыйын бийик трибунадан билгизе турган мүмкүнчүлүк”

Кадыр Кошалиев: “Курултай – элдин кубанычы менен ыйын бийик трибунадан билгизе турган мүмкүнчүлүк”

24-август, 00:57
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кадыр мырза, азыр курултай темасы аябай талаш туудуруп жаткан кез. Бирөөлөр “ал парламенттин ордун алмаштырат” десе, бири “жок, кеңеш берүүчү гана орган болот” дешет. Курултайды уюштуруу идеясынын авторлорунун бири, “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары ушул маселеге тактык киргизип койсоңуз?

-- Биринчиден, “элдик курултайдын автору баланча же түкүнчө” деген туура болбой калат. Бул элибиздин тарыхында бар институт. Болгону эле аны кайра, азыркы учурга ылайык, заманбап кылып орнотууга аракеттер жүрүп жатат. Көп жылдардан бери бир топ адамдардын демилгеси бүгүнкү натыйжага алып келди. Анын ичинде мен дагы ушул идеядан кетпей, такай күрөшүп келаткан адамдардын биримин десем туура болот. Эми суроо боюнча. Илимде улуттук иденттүүлүк, улуттук менталитет деген түшүнүктөр бар да. Канткен күндө да ар бир элдин өзүнүн басып өткөн жолу, улуттук менталитети, кулк-мүнөзү, башка элдерден айырмалап турган тили, каада-салты, улуттук философиясы, нарктуу жөрөлгөлөрү болот. Кыргыз элинин өзүнүн коом түзүү, эл башкаруу тажрыйбасында нарктуу институттары бар. Мисалы, үй-бүлө, аксакалдар, бийлер институту, элдик курултай, анан хандык институт. Тарыхыбыздан алсак, кыргыз элин кылымдардан бери сактап келген салттуу институттар ушулар. Мунун ичинен үй-бүлө, аксакалдар институту эч кандай маанисин жоготпой сакталып калды. Ал эми бийлер институту бир аз өзүнүн функциясын өзгөрттү, бирок, ал толук жок болуп кеткен жок. Мисалы, айылдарга барсаңар дагы деле жамандык-жакшылыкта эл өздөрү шайлап алган бийлер маселени чечет. Айыл өкмөтү барып казанына аш салып берип аткан жок. Ошол бийлер баш-көз болуп, ич ара ысык-суукта, жамандык-жакшылыкта эл өзүнүн маселесин өзү эле чечип келатат да. Ал эми элдик курултай институтунун сиз айткандай, кайсы бир ыйгарым укуктары, милдет-озуйпасы парламентке өттү. Ал эми хандык институт болсо толугу менен президенттик институтка ордун бошотуп берди. Баса, бийлер институтунун кээ бир функциялары да мамлекеттик бийлик органдарына өттү. Эми ошонун ичинен элдик курултай жөнүндө айта турган болсок, туура, Жогорку Кеңеш өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу эки ыйгырым укукту алып жүрөт. Мыйзам чыгаруучу негизги укугун кандай аркалап, ошону жогорку сабаттуулукта, сапатта аткарып атабы (?) деген маселеге келгенде, ал өзүнчө узун сабак. Акыркы жылдары парламенттин, жаңы келген депутаттардын сапаты, сабаттуулугу жөнүндө көп сөз болуп келатат. Ал барып келип эле биздин коомдук саясый системабыздын туура, же туура эмес жолдо баратканын үлгү катары көрсөтүп турат. Парламент мыйзам чыгаруу бийлиги катары мыйзамдарды демилгелеп жана алардын аткарылышын көзөмөлдөсө, бул туура. Ал эми өкүлчүлүктүү бийлик деген маселеге келгенде, талаш-тартышты жаратып келатпайбы. Мисалы, акыркы жылдары шайлоого элдин 20-30 пайыздайы эле барып калды. Анын ичинен дагы беш пайыздык босого деп койдук, ошондон өткөндөрү гана парламентке келип атат. Бир мандаттуу округдардан шайланып келгендерди да эске алганда, парламентке элдин 20 пайыздай гана добушун алгандар шайланып атат. Ал эми 80 пайыз элдин добушу, алардын укугу кайда калды? Толук кандуу өкүлчүлүктүү бийлик деп айтууга болбойт. Ошондуктан, жаңыдан коомдук саясый системага киргизилип жаткан элдик курултай институту келечекте ошол өкүлчүлүктүү бийлик бутагынын функцияларын аткара ала турган түзүмгө айланышы мүмкүн. Туура, Конституция боюнча курултай – бул кеңеш берүүчү коомдук институт. Ошого карабай, курултай өкүлчүлүктүү бийлик жүргүзүүдө элдин ичиндеги ар кандай ой-сунуштардын жана башка элдин турмушуна байланышкан маселелердин чагылышы, күзгүсү, элдин кубанычы менен ыйын бийик трибунадан билгизе турган мүмкүнчүлүк болуп атпайбы. Мисалы, 460ка жакын айыл өкмөттөн, отуздан ашык шаардан, чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан, улуттук диаспоралардан, диний конфессиялардан өкүлдөр келет. Демек, жалпылап алганда, Кыргызстандагы 6 миллиондон көбүрөөк элдин өкүлчүлүгү курултай аркылуу камсыз кылынат. Элдин деми ушул курултай аркылуу көрүнөт. Жыйынтыгында бул эмнени берет? Конституцияда жазылып, бирок иштебей келаткан “элдик бийлик”, “эл – бийликтин ээси” деген түшүнүк бар, мына ошону кыймылдатып, беренеде айтылган ойлор аз да болсо иштей баштайт. Мындайча айтканда, адилеттиктин жана элдик бийликтин кепилдиги катары элдик курултайды бүгүн заманбап орнотууга зарылчылык болгондуктан, ушул маселе көп жылдардан бери көтөрүлүп келди. Азыр эми ошону ишке ашыруу процесси жүрүп атат деп ойлойм.

-- Анда курултай институту эки палаталуу парламенттин эл өкүлдөрү жыйынын элестетип калабы?

-- Андай ойлор деле айтылып келатат. Ал багытта атайын мыйзам, Конституция деңгээлинде долбоорун даярдаган топтор да бар. Карап көрсө болот, ал вариант да жаман эмес... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер