Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин баркын кетирген Разаковго сурак жокпу?

Бийликтин баркын кетирген Разаковго сурак жокпу?

13-февраль, 16:55
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызматтан айдалган вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун артынан чуулгандуу кептер илешип келди. Акыры өз ишин эптей албаган жетекчи катары тагдыры чечилди... 

Жеңиш Разаковдун тарыхына көз чаптырсак, жарытылуу иши менен эмес, чабал кадамдары менен элдин кыжырын келтириптир. Кайрадан суроолор жаралууда. Алсак, Жеңиш Разаковдун дарегине “Тажикстандын тыңчысы” деген кеп жөн жерден чыкты беле? Илээшип келгенин кантебиз? Ал гана эмес, Баткен УВДсынын ОУР башчысы болуп туруп, жетекчиликке билдирбестен Тажикстанга барып, ал жакта үч күн кармалганын өзү моюндап жазган түшүнүк катын кантебиз? Башта ал катты мойнуна албай, “фейк” деп келген эле. Кийин өзү жазганын мойнуна алган видеолор тарады. Негизи, эмгек кодекси боюнча мамлекеттик кызматкер себепсиз үч саат жумушка келбесе, чара көрүлөт. Ал эми Жеңиш Разаков милицияда жетекчилик кызматты аркалаган “секрет носитель” болуп туруп, үч күн уруксатсыз кетип, ал жакта эмне кылып жүрдү? Бул суроого эмнеге так жооп бербейт? Жөн жүрбөй ал жактын күч түзүмдөрүнө колго түшкөнбү? Үч күн ичинде кандай сөздөр, убадалар орун алышы мүмкүн? 

Жеңиш Разаков чек ара маселеси козголгондо эле өзүн ыңгайсыз сезип, эмне кылышты билбей калабы? Алсак, ал Баткенде губернатор болуп турган учурунда чек арада чыр чыкканда больничный алып, чек арага барбай койгону айтылып келет. Кийин күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр болуп туруп, өлкөнүн кызыкчылыгын татыктуу коргой албай койду. Качан көрбө, эки тараптуу жыйындарда башын жерге салып отуруп келди. Анысы аз келгенсип, чек арада чыр чыкканда Баткенге барып эл менен болгондун ордуна, аскер бөлүгүнө качып кирип кеткени кандай? Мындай учурлар бир нече ирет болгонбу? 

Бир курдай Баткен аймагынан чыр болуп атканда, Разаков чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевге “аскерлерди тарт” деп буйрук берсе, ал аскерлерди тартпасын, элди коргой турганын айтып, мат кылганбы? Аргасы куруган Разаков баш ийбей койгонуна чычалап, кайра аскер бөлүгүнө кире качканы чынбы? Анысы аз келгенсип, Разаковду кайра эле Кой-Таш окуясын тейлеген өтө жооптуу комиссияга төрага кылып коюшкан. Айрым маалыматтарда комиссиянын төрагасы катары бир тараптуу карап, жасалма тыянак чыгарганы ачыкталабы? 

Акыркы мезгилде Разаковдун ар кандай суу жүрөктүк кадамдары Баткен элинин кыжырына тийип, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдер да орун алды. Акыры “эт эмес же чел эмес”, илең-салаң жетекчини иштен кетиришти. Эми анын күмөндүү иштерин текшерип, кызматтык иликтөө жүргүзүп койсо ашыкча болбойт эле... Биз жогоруда коңгуроо кылгандай, бул эргулга суроолор да көп болуп атпайбы, жооп бербейби?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер