Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Насирдин Исановдон кийин Садыр Жапаровду колдобосок, элибиз жыргабайт!

Насирдин Исановдон кийин Садыр Жапаровду колдобосок, элибиз жыргабайт!

27-декабрь, 21:02
1 834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат”, “кыңыр иш кырк жылда билинет, же кылым өтсө да ачыкка чыгат” демекчи, Жараткандын астында ата конушубуздагы кыргыз элим – мекендештеримдин алдында ачык-айкын кайрылуу жасоо жарандык милдетим деп эсептейм.

Бир аз тарых барагын ачып эскерсек, 1860-жылдардын башында уруу-урууга бөлүнгөн, жер жүзүндөгү тарыхий илим-билим, өнүгүүдөн артта калган, караңгы, өз алдынча мамлекетибиздин пайдубалы жок, сабатсыз эл элек. Аргасыздан Кокон хандыгынын ээлик баскынчылдыгынан качып, жөлөк-таяныч издеп, Россия мамлекетине кошулганыбызды тарых барагы тастыктап турат. Жарым кылым өтүп, 1916-жылы “көтөрүлүш” деген шылтоо менен чоң аталарыбыз “эч күнөөсүз шейит” болуп, тентип, ата конушубуздан айрылып кала жаздабадыкпы! 1917-жылы Октябрь төңкөрүшүнөн боштондукка чыгып, 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиясы түзүлүп, 1936-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекетинин пайдубалы түптөлдү. Кыргыз элим 1941-1945-жылдары СССР мамлекетинин курамында Ата мекендик кандуу согушту баштан өткөрдү. Чоң аталарыбыз согушка катышса, чоң энелерибиз,  апаларыбыз, улуу бир туугандарыбыз тылда – оорукта таман акыларына заем алып, бекер иштеп келбедиби. 1960-жылдарга чейин айдоо аянтынан машак терип күн көрүү башыбыздан өттү. 1917-1991-жылдар ичинде 100% сабатсыздык жоюлуп, дүйнө жүзүнө таанылган окумуштуулар чыкты. Жигердүү ак эмгегибиздин аркасында согуш мезгилинде келген заводдор өнүгүп, борбордо ондогон фабрикалар ишке кирип, өнүп-өстүк. Банкыбызда 1800 кг баалуу алтыныбыз бар эле. Айыл, мал чарба багыты жогорку деңгээлде өнүктү. Элибиздин турмушу оңолду. Бала бакча, орто, жогорку билим алуу, медициналык жардам, дарылануу бекер. Электр жарыгы, ичүүчү суу, курортко эс алуу, жүргүнчү, жол каттамдар арзан. Карысына сый-урмат, кичүүсүндө ыйман бар, таалим-тарбия бала бакчадан башталчу. Кыргызстанда 80ден ашуун улут бир туугандай ынтымакта элек.  

1991-жылы бир тууган кырк муун кыргыз элибизге, 80ден ашуун улуттуу мекендештерибизге ата конушу буюруп, эч бир кан төгүлбөстөн, эгемендүүлүктү ыйгарган Жаратканга чексиз ыраазычылык! XV-XIX кылымдарга чейин уруу-урууга  бөлүнгөн кыргыз улуту биригип, көз арткан тышкы душмандардан ата конушту канын-жанын берип сактап келбедиби! Өзгөчө Солто уруусунан чыккан Бишкек баатырыбыз уйгур калмактын кошуунун чаап, туусун жыгып, кыргыздын Ата журтун душмандардан коргоодо эбегейсиз эрдигин көрсөткөн өзгөчө инсан. Саяк бир тууган агабыз, жазуучу маркум Асанбек Стамов тарых барагын тариздеп, эрдигин ачык-айкын сыпаттап баалаган. Борборубуз Бишкек наамын Манаска которобуз деген – акылга сыйбагандык. Биринчиден, алмуздактан бери көчмөн улуу кыргыз улутубуз кымызды бишкектеп, ден соолукка эбегейсиз күч-кубатты таратып келген. Манас дагы кымыздан ичип, зор баатырдыкты көрсөткөн. Экинчиден, Бишкек баатырыбыз кыдыр колдогондордун урпагынан. Үчүнчүдөн, Жараткан өзү буюруп, Кыргыз Республикабызга кан төгүүсүз тынчтык жолу менен келген эгемендүүлүгүбүздүн башатында тарыхчы окумуштуу-илимпоздор, аксакал-көксакал көрүнүктүү кыргыздын интеллектуалдуу адамдары тарабынан Солто элинин энчилүү Сары Өзөн Чүй калаасындагы кыргыз мамлекетин түптөөдөгү эмгеги, Бишкек баатырыбыздын зор эрдиги бааланып, Кыргыз Республикасынын борборуна бекеринен Бишкек наамы берилген эмес. 

Учурда борборубуз эл душмандары – саткындардын эстелигине толуп баратат.  1991-жылы эркиндик алдык дегенден бери жумурай-журтубузга байма-бай  көркөмдөлүп жайылткан курулай азгырык даңкка бөлөнүп, алданып келгенибизди 2005-жыл, 2010-жыл, 2020-жылдын октябрь айындагы төңкөрүш толук айкындады.  Дүйнө жүзүндө ар бир элдин өз-өзүнчө Жараткандын жашоодогу сыноосу бар турбайбы. Бир гений акылман курулай азгырык даңкка бөлөп, улутубузга “бир кумалак бир карын майды чириткендей”, ашынган ачкөздүк өзгөрүүнү жайылтып, дүйнөлүк ченемдеги алдамчы уурулук-шылуундук менен кутубуз Кумтөрдү алуунун алдында атайылап биргелешкен өтө оор коррупциялык кылмыштуулук аркылуу ыраматылык агабыз Насирдин Исановду шейит кылып отурбайбы.

Эй айланайындар, кыргызда калыстык, айкындык, кара кылды как жарган аксакал-көксакал интеллектуалдуу тарыхчы окумуштуу илимпоздор, барсыңарбы? Ачуу чындыкты карапайым элге жеткирип, Насирдин Исанов маркумдун арбагын ыраазы кылбай, Жараткан буюруп кыргыз элинин башына келген Садыр Жапаровду колдобосок, элибиз жыргабайт. Отуз жылдагы ыплас ылайыксыз жолго түшүп калабыз. 

Президенттикке талапкерлерге айтарым, “карынын сөзүн капка сал”, угуп койгула, ыркырашпай, соодалашпай, тынч болгулачы айланайындар! Ынтымак менен чексиз ырыскы келип, карыздан кутулуп, теңсиздик көроокаттын айынан дүйнө жүзүнө тараган бир миллиондон ашкан балдар-кыздарыбызды ата конушубузга кайрып,  мамлекеттик бийликке жоопкерчиликтүү кызматчыларды дайындап, урпактарыбызга түбөлүккө мурас калар элибизге жаратылыш керемет сырындай үлгүлүү, туруктуу бай-кедейи жок өзгөрүү жаратсак жарашат. Анткени улуу кыргыз улутубуз теңдик жашоого татыктуубуз. Россия, АКШ, Европа, Кытай ж.б. өлкөлөрдү сыпаттап мисалга алуунун кажети жок. Бакубат жашоону орнотуу өз колубузда. А-бу дегендер дей беришсин. Кербенди көрүп, семирген дөбөтү, канчыгы деле үрө берет эмеспи, көңүл бурбай эле койгула. Барыбыздын барар жерибиз эки метр кара жер. Азгырылып тапкан дүнүйөнү ала кетпейбиз. Жашоо бир эле жолу берилсе, ыркырашып жашоонун не пайдасы бар? 

Тагдырдын тамашасын карагыла. Бийликтеги кызмат абалын кыянат пайдаланып, адилетсиз иштегендер чекесинен түрмөгө отурушту. Демек, Жараткан кыргыз элинин башына жексурлардан бийик мартабалуу, адилеттүү бийликти Садыр Жапаровго ыйгарды. 

Андыктан кадырлуу кыргыз элим, урматтуу мекендештерим, жаңылып-жазбай, бөлүнүп-жарылбай, өзүбүздүн келечегибиз, бакубат жашообуз – урпактарпыбызга үлгүлүү таза коом жаратып, мураска калтыралы десек, Садыр Жапаровду колдойлу! Президенттик жоопкерчиликтүү башкарууну колдойлу, мекендештер!


Дөөлөталы уулу Байтик (Давлеталиев), коррупцияга каршы коомдук “АКОС” бирикмесинин Чүй облустук координатору

Тел. номер: 0557 949115 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер