Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жайсаңчыларга каршы чабуулдун күжүрмөн жоокери Курманбек Абакиров 70 жашта

Жайсаңчыларга каршы чабуулдун күжүрмөн жоокери Курманбек Абакиров 70 жашта

27-октябрь, 12:25
969 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2011-жыл 2012-жылга алмашылуусуна удаа байыркыдан калган улуу эстелик-мурасыбызга, уникалдуу «Манас» эпосубузга асылган, анын идеялык-көркөмдүк, эстетикалык маани-маңызынын ойронун чыгарууга умтулган, өзөк окуяларын өздөрүнүн пас кызыкчылыктарына ылайык бурмалоого ашыккан азыркынын көзкамандарына каршы буркан-шаркан түшө оргуп, айыгышкан күрөш акциясы жүргөнү баарыга жакшы белгилүү. «Манаска» караөзгөйлүк менен асылгандарга каршы чечкиндүүлүк менен келишкис сокку урулуп, андагы күжүрмөн отряддын башкы сабында тургандардын бири белгилүү Манастаануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров болду. Ал бул өзгөчө кырдаалдан улам чукул чакырылган чогулуштарда, жолугушууларда, массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында салттуу «Манаска» асылгандарга жооп катары келишкис, кескин позициясын билдирип, илимий фактылык негизде бир катар аргументтүү, далилдүү баарлашууларды алып барды, макалаларын жарыкка чыгарды. Эмесе, К.Абакировдун азыркынын көзкамандарына каршы күрөш акциясы маалында жарыялаган мазмуну курч материалдарынын айрымдарына учкай да болсо токтоло кетели.

Адабиятчы-окумуштуу К.Абакировдун бул багытта жазган адепки макаласы 1912-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин 2-6-9-марттагы сандарында жарык көрдү. «Кыргыздын XXI кылымдагы мифтери же айтыла турган сөз эле…» деп аталган бул макалада адабиятчы акыркы жылдары эл арасында «көзү ачыктар», «арбактар менен түз бааарлашкандар» арбын чыгып, сабатсыз караңгылыктын уу чеңгелинен дале толук бошоно элек элибиздин башын айландыруу тенденциясы улам күчөп арыш алганын чоң кейиш менен баян этет. Айтымында, «алардын айткан-дегендери адамдын психологиясындагы талуу жерине багытталгандыктан, кой-ай деп акаарат айтуу же талаш-тартышка түшүү кыйын иш болуп турат» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. – Б.: Турар, 2013. – 90-б.). Мында ал жеке Ш.Эсенгулов жана анын идеологиялык шериги Бүбү Мариям баяны менен чектелбей, көзү ачык Г.Мамбеталиеванын, «Манас изилдөөчү» Г.Өмүрбек кызынын, «коомдук ишмер» Б.Жакееванын, айтымчы Б.Төлөмүш кызынын, гипнолог А.Мурзалиеванын, «Айкөл нуру» коомдук фондунун төрайымы Э.Мураталиеванын, парапсихолог М.Карыбековдун ж.б. «терең философиялуу» алдын алып билдирүүлөрүнөн мисал келтире кетет.

Курманбек Абакиров бул макаласында Ш.Эсенгулов жана өнөктөшү, көзү ачык, Манастын өзү, анын тегерегиндегилер менен түз сүйлөшкөн Бүбү Мариямдын «Айкөл Манас» концепциясы эч бир логикага сыйбай турганын, сабатсыз примитивдүүлүгүн, улуттук ыйык баалуулуктарга каршы душмандык мамиленин нак эле өзү экенин чечкиндүү түрдө белгилеп өткөн.

Профессор К.Абакиров өзүнүн «Адабий экстремизмдин айкын үлгүсү» деген макаласында («Фабула», 2012, 9-13-март) «Айкөл Манастын» алгачкы томдуктарынын авторлору Ш.Эсенгулов менен Бүбү Мариямдын Манас баатырдын чоросу Жайсаң Үмөт уулунун арбагынан түз алып жараткан «шедевр чыгармасы» салттуу «Манас» эпосунун сюжеттик өзөк окуяларын бурмалап, идеялык-эстетикалык баалуулуктарынын таш-талканын чыгарып, анын элдүүлүк позициясын ойрондоого багытталганы үчүн бул чыгарма сөрөйдү кыргыз элинин улуттук сыймыгы, байыркыдан калгана улуу эстелик-мурасы «Манас» эпосуна каршы билип туруп жасалган душмандык, сөздүн түз маанисиндеги адабий баскынчылык, террордук көрүнүш катары баалаганы эң эле адилеттүү, туура позиция болгону айныксыз.

Адабиятчы окумуштуунун «Манаска» каршы чоң казат» аттуу макаласында («Фабула», 2012, 18-22-май) Ш.Эсенгулов менен Бүбү Мариямдын он томдук «Айкөл Манасынын» жактоочулары, кыйла эле бараандуу коргоочулары бар экендиги айтылып өтөт. Алардын бири кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров өзүнүн «Улуу урматтуу «каймактар», Жайсаң манасчы силерге не жамандык кылды?» деген макаласында «Айкөл Манаска» каршы маанидеги кайрылууга кол койгон илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүн шылдыңдап жазганы эскерилет.

Курманбек Абакировдун айтымында, «Айкөл Манастын» идеологиялык коргоочулары, жактоочулары бирин-экин эмес, бир топ эле бар. Андан да «аны эрмектегендер барган сайын арбып, өз ара атаандашса да, эпостун тамтыгын чыгарууга жапатырмак киришип жатышат» (жогорудагы макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. – Б.: Турар, 2013. – 300-301-б.). Демек, «Манастын» амандыгы үчүн күрөш дале акырына чыгарыла электиги анык.

«Сайраганды короздон үйрөнгөн булбулдар» макаласында («Учур», 2012, 21-июнь) окумуштуу жайсаңчылар акыркы кездери желке талаштыра далай «муш» жешсе да жалкыбай, эми Жайсаң Үмөт уулун Пикассо менен Рембрандттан ашса ашып, эзели төмөн турбаган, дүйнөлүк масштабдагы уникалдуу сүрөтчү мисал беттери кызарып да койбой алып чыгышканын баян этет. Же ал сүрөттөр биз билген Манас, Алмамбет, Чубактарга кичине болсо да окшоп койсочу! К.Абакировдун пикиринде, «бул «керемет» сүрөттөр Манас, Алмамбет, Каныкей ж.б. сындуу даңазалуу эпикалык каармандарды эмес, араб, фарсы, Кашкар соодагерлерин, сыланып-сыйпанып, «Сулуулук салонунан» жаңы эле чыккан ошол кездин гарем аялдарын, бир тобу кадимки Чыгыш аалымы кейпине келтирилген эшен молдо-калпаларды, дагы бир даары кадимки эле дубаналарды, каракчыларды элестетет. Алардын биринде да баатырдыктын, жоокердиктин, айкөлдүктүн, акылмандыктын белгиси эмес, эпкини да жок» (жогорудагы макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. – Б.: Турар, 2013. – 402-403-б.). Баарынан кызыгы, өздөрү пир туткан Жайсаң Үмөт уулунун бет түспөлү Бүбү Мариямдын шериктеши Ш.Эсенгуловго куюп койгондой окшош деп арбактан аян берилгени… Демек, «Жайсаң атасынын портретин илип алгандар ушундай эле ийгилик менен Шакин Эсенгуловдун чо-оң фотопортретин илип алышса, эч жаңылышпайт» (жогорудагы макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. – Б.: Турар, 2013. – 404-б.).

Тилекке каршы, жайсаңчылардын чуулганы идеологиялык тирешүү апогейине жеткирилген 2012-жыл менен жыйынтыктала калбады. Ушундан улам окумуштуунун жайсаңчыларга каршы багытталган кезектеги макаласы 2013-жылы «Ала кушту атынан чакырганда» деген аталышта жарык көрдү («Жаңы ордо», 2013, 8-ноябрь). Мында ал улуу эстелик-мурас «Манасты» маскаралап, бурмалаган жайсаңчылардын борбордук аянтка Шыпшайдар, Нескаралардын эстеликтерин «асмандан түшүргөндөр», көп кабаттуу имараттарга жунгар калпак кийгизгендер менен киндиктери бир экенин, белгилүү драматург Бексултан Жакиев айткандай, «өзөктөн чыккан өрт» сыңары түпкүлүгүндө алар өздөрүн алгач кыргызды чилдей таратып, анан акыры Манастан запкы жеген Алооке менен Молтонун мураскорлору деп эсептешерин белгилеп өтөт. Айтымында, атынан чакырылчу ала куштардан анабашылары болуп кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, көзү ачык Абдымамбет Сариев, коомдук ишмер, жазуучу Каныбек Иманалиев, илимпоз Кусейин Исаев, тарыхчы Темирбек Токтогазиев, акын Асан Жакшылыков, басмакана кожоюну Жумадин Кадыров ж.б. эсептелишет. Ушунда ал «жайсаңчылыкты жайылтууда «Манас жаңырыгы» ТРКсынын кожоюну Т.Токтогазиевдин ролу, эмгеги өзгөчө» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Экинчи китеп. – Б., 2024. – 146-б.) экенин атайын баса белгилейт.

Профессор К.Абакировдун жайсаңчыларга каршы жазылган «Жалган манасчы Жайсаңдын тарыхы» макаласында («Учур», 2014, 6-, 13-март) Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу баштаган залкар манасчылардын варианттарынын мисалында «жайсаң» сөзүнө, андагы «Жайсаң» аттуу кейипкер тууралуу ар тараптуу, кенен түшүнүк берилген. Андагыга ылайык, «жайсаң» сөзү жоокер деген маанини билдирет. Ал эми Жайсаң аттуу каарман Сагынбай Орозбак уулунда калмак ханы Кайып даңдын эшик ырчысы болуп берилет. Эпосто ошондой эле Манастын көп жоокерлеринин бири мисал Үмөт уулу Жайсаң эскерилет. К.Абакировдун айтымында, душман тараптын ырчысы Жайсаңдын Манастын тирүүсүндө бүтүргөн иштерин даңазалап ырдашы түк дагы ынандырбайт, ал эми эпизоддордо учкай эскерилген Үмөт уулу Жайсаңдын ырчы болгону тууралуу эпосто эч бир маалымат жок. А эгер сөз нака кыргыз кулуну Ырамандын Ырчы уулу тууралуу жүргөн болсо, анда башка кеп. Биздин «Наадандык менен Бүбү Мариямдын этегине намаз окугандардын көз боёмочулугу» (Оторбаев Б.К. – Учур, 2013, 9-май) аттуу макалабызда эскерилгендей, «дагы шүгүрчүлүк, жайсаңчылар медитациянын объектиси катары Ырамандын Ырчы уулун тандап алышканында, нукура, салттуу «Манасыбызды» коргоо абдан эле кыйынга туруп калмак» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Экинчи китеп. – Б., 2024. – 93-б.).

Кийинки макала «Эгиздер же жайсаңчы-теңирчилер жөнүндө эки ооз сөз» (Кыргыз Туусу, 2014, 28-март, 1-апрель) деп аталат. Макалада элибиз карманган салттуу ислам дини, анан эгемендүүлүктөн бери карай кыргыз жергесинде жамгырдан кийинки козукарындардай жамырап чыга келген диний агымдар, ушундан улам келип чыккан идеологиялык көйгөйлөр тууралуу кеп уланган сыяктанганы менен дале башкы басым жайсаңчылардын былык иштерин ачыктоо, ашкерелөө жагына коюлган. Мында Бүбү Мариямдын асмандан алган кабарларына гана таянуу менен алыска бара алышпасын түшүнгөн жайсаңчылар өздөрүнүн өтө эле примитивдүү, сабатсыз, былык концепциясын теңирчилик идеологиясына, ал гана эмес салттуу «Манаска» жуурулуштуруу жолу менен позицияларын бекемдеп алууну көздөшкөнү баяндалат. Бул жагдай мударис жайсаңчы Кусейин Исаев менен анын шакирти Талантаалы Бакчиевдин айтып-жазгандарынан ачык байкалат. Булардын «негизги аргументи кыргыздар илгери-илгери Теңирге сыйынышкан, эми биз ошол «уңгубузга» кайтып барышыбыз керек деген көз карашка барып такалат» (жогоруда аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Экинчи китеп. – Б., 2024. – 246-б.). Бул айтылганга каршы аргумент К.Абакировдун пикиринде, экс-депутат Арсланбек Малиев айткандай, «Манас» баш болгон кыргыз эпостору теңирчиликтин окуу китеби боло албайт. «Теңир» деген сөз алардын бардыгында «Алла Таала» маанисинде колдонуларына, теңирчилик ишенимдер, ырым-жырымдар дээрлик жок экенине аларды окуп чыккан ар бир адам ынанат» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Экинчи китеп. – Б., 2024. – 249-б.). Ооба, эпостогу: «Төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун!» деп каргануу, ант-шерт берүү «Манаста» теңирчиликтин бекем, туруктуу орун-очок алганына айныксыз далил болуп бере албайт.

Адабиятчы-окумуштуу К.Абакировдун жайсаңчыларга каршы жазылган дагы бир макаласы «XXI кылымдын көзкамандары» («Багыт», kg, 2016, 12-19-октябрь) деп аталат. Макалада кыргыздын чыгармачыл интеллигенциясынын бир катары ички «терең ынанымы» менен айрымдары акча мүшөгүнө азгырылып, байыркыдан калган улуу эстелик-мурасыбыз «Манастын» ашмалтайын чыгарууга карата жасалган арамза, пас, жаалдуу иш-аракеттерин дале токтотпой жатышкандыгы айтылат. «Булардын ичинде «Манасты» устукандаса да унчукпаган, жайсаңчылар жетелеп алган айрым манасчылар да бар. Ошондой эле Кытайда Макелек Өмүрбай аттуу илимпоз жайсаңчыларга «ак кызмат» өтөп жүрөт» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Үчүнчү китеп. – Б., 2024. – 159-б.). Мында жайсаңчыл «Айкөл Манас» он томдугунун жаралыш тарыхы кыска, байымдуу маалымдалат. Айтымында, «бул китепти Ш.Эсенгулов Бүбү Мариямдын күйөөсү Бектемирдин чоң атасынан калган «Жайсаң» аттуу кол жазманы негиз катары пайдаланып жаза баштайт. …Ш.Эсенгулов жана кийинки авторлор бул он томдукту орто кылымдагы Чыгыш акындарынын бейт формасына салышат да, ошол эле акындардын (Жами, Саади, О.Хаям, Ж.Баласагын ж.б.) чыгармаларындагы философиялык ойлорду, кыргыз жана түрк, калмак, кытай, индус, араб, фарсы элдеринин тарыхындагы кээ бир уламыштарды, адабий чыгармаларды, Рерихтердин, Е.Блаватскаянын ж.б. эмгектериндеги теософиялык, космогониялык ойлорду компиляциялоо жолу менен кеңири пайдаланышып, өз билгендерин кылышат» (аталган макала, китепте: Улуу «Манас» жана анын фальсификаторлору. Үчүнчү китеп. – Б., 2024. – 160-161-б.). Авторлордун бул кылыгын плагиаттын жеткен жери, тимеле туу чокусу деп баа берсе туура болчудай. Бу «шедевр» он томдуктун жигердүү авторлору болуп түбү калмак Жайсаңдын арбагы эмес, арабызда эле жүргөн Ш.Эсенгулов, Бүбү Мариям (Майрамбүбү Сармалдакова), Эрнест Абдыжапаров, Абдымамбет Сариев, Темирбек Токтогазиев, Жумадин Кадыров, Өскөн Осмонов, Каныбек Иманалиев, Асан Жакшылыков, Кусейин Исаев, Талантаалы Бакчиев, Гүлсина Өмүрбекова ж.б. эсептелишет.

Окумуштуу «даңазалуу» он томдуктун жаралыш тарыхы тууралуу баянын жыйынтыктап жатып, анын бузуктугун 13 пункт аркылуу ачыктап берет. Макала Эгемберди Эрматовдун «Көзкамандык» аттуу ырынын тексти толук келтирилүү менен акырына чыгарылат.

Жогоруда филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун жигердүү адабиятчы катары чыгармачылыгынын бир багытын – жайсаңчыларга каршы айыгышкан күрөш хроникасын чагылдырган илимий-публицистикалык макалаларын комментарийлеп талдоо, анализдөө аркетинде болдук. 

Жыйынтыгында, Курманбек Абакировдун ички дүйнөсү таза, илим, улуттук баалуулуктарыбыз үчүн чындап күйгөн ири масштабдагы окумуштуу, кыргыздын чыныгы атуулу экендигине ынанып, күбө болдук. Мына ушул чоң адабиятчы-окумуштуу, асыл адам 70 жашка толуп отурат.

Урматтуу Курманбек Абакирович!

Кутман курагыңыз кут болсун! Чың ден соолукта, аманчылыкта болуңуз! Дайыма маанайыңыз ачык болуп, узак өмүр сүрүп, дагы да көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерге жетишүүңүзгө тилектешмин!


Оторбаев Болот Капарович, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер