Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асановго тирешкен Разаков, бийликти уят кылбай кетпейби? Эл нааразы!

Асановго тирешкен Разаков, бийликти уят кылбай кетпейби? Эл нааразы!

21-январь, 13:15
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун ишмердигине, кайдыгерлигине баткендиктер нааразы болушуп, кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Журналисттердин сынына да эң көп кабылууда. Бул эргул бийликтин рейтингин түшүрүп атканы талашсыз чындык. Эмне үчүн жогорку төбөлдөр “кашаң” веце-премьерди эшикке чыгарып койбой калкалап атышат? Түшүнүксүз... 

ЖМКларда, соцтармактарда жазылгандай, Жеңиш Разаков менен Курсан Асановдун тирешүүсүнүн айынан журналисттер жабыркап атканы кандай? Буга чейин “Азия Ньюс” гезитинин редактору Асланбек Сартбаев аскер прокуратурасында 5 саат сурак берип чыкса, журналист Турсунбек Бейшенбеков кечээ бир канча саатка кармалып, кайра үй камагына бошоду. Деги эле Жеңиш Разаковдун чуулганы бүтпөй койду. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө мындай чыр-чатактуу чиновник болгондо, эчак эле өз баасын алып, балким камалып да кетмек беле? Таңгаласың да, Кудайдын мурдунан түшкөндөй кылып, бул чала сабат, шектүү чиновникти эмне мынча эркелетип атышат? Же ийгиликтүү иши жок, тескерисинче, көп нерсени “иритип”, көпчүлүккө жек көрүндү болбой кетпейби? Итти деле “кет” десе куйругун кыпчып жоголот го, туурабы?..

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер