Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Сарыгул уулу: “Түшүмдүн 35 пайызы топтолбой жерде калышы толук мүмкүн”

Айбек Сарыгул уулу: “Түшүмдүн 35 пайызы топтолбой жерде калышы толук мүмкүн”

29-июль, 19:00
432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда көлдүктөрдүн мээнети акталбай, жылдык киреше болуп берчү өрүктөрү арзыбаган акчага сатылып, төгүлүп жатканы айтылууда. Алдын ала чаралар көрүлсө болот беле?

-- Азыр Ысык-Көлдө өрүк сезону кызуусуна чыккан маал, бирок көйгөйлөр өтө көп. Эң негизги маселе: алуучулардын өрүктү өтө арзан баалап жатканында. Бир жыл мурда башталгыч баа килосуна 70 сомдон болуп, акырында 35 сомго чейин түшкөн. Быйыл башталганда эле 35 сомдон болсо, учурда 15 сомго түшүп калды. Жылдык инфляцияны эсепке алганда былтыркыга салыштырмалуу өрүк өндүрүүчүлөрү быйыл өрүгүн 75%га арзан сатууга мажбур болуп турушат. Быйыл түшүм былтыркыга караганда 45% көп болгон күндө дагы багбандар катуу утулушта. Түшүмдүн 35%ы топтолбой жерде калышы да толук мүмкүн. 

Айылдыктар күнөөнү алуучулардан издешсе, алар болсо быйыл Россияда өрүк арзан сатылып атканын, жолдогу чек аралардан өтүү маселесинде чыгымдардын көбөйгөнүн, кошуна Казакстанда да өрүк көп өндүрүлө баштаганын айтып актанышууда.

Бирок эң негизги маселе: бул иште ортомчулардын көптүгүнөн жана алардын өз кирешелерин багбандардын сыртына илип жатышканы өңдөнөт. Жыл өткөн сайын ортомчулар мите курттардай болуп көбөйүп жаткандыктан, алардын санын азайтып, кирешелерине чектөө киргизмейинче, багбандын сыртынан кан ичилип, териси жукара берет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер