Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапарбү Тобокалова: “Баңгизат пайдалангандар эл аралык фонддорго таянып алышып, гепатиттен дарыланышпайт”

Сапарбү Тобокалова: “Баңгизат пайдалангандар эл аралык фонддорго таянып алышып, гепатиттен дарыланышпайт”

29-март, 19:30
444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гепатит жугуштуу оору экендиги мурунтан маалым. Акыркы убакта бул дарт менен жабыркаган жарандардын катары өсүүдө. Аталган оору тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор жана гепатолог Сапарбү Тобокалова айтып берди.

-- Алгач бул дарттын чоо-жайына кайрылсаңыз?

-- Вирусттук гепатит менен ооругандар Кыргызстанда мурунтан эле көп. Гепатит оорусу А, В, Д, С түрү болуп бөлүнөт. Элдин көбү гепатит А түрүн билишет. Ал кол жуубагандан, сүлгү, идиш-аяк, тамак-аш, оюнчук жана башка буюмдар аркылуу жугуп калат. Бирок, анын өзгөчө жери өнөкөт гепатитке өтпөйт. Мурун бул оорунун түрү менен жаш балдар көп ооручу, азыр чоңдор дагы ооруй башташты. 1990-жылдары Орто Азия чөлкөмүндө изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын ичинде Кыргызстандагы 3 жашка чыккан балдардын 80 пайызында гепатит А иммунитети бар экендиги аныкталган. Бул 3 жашка чейинки бала гепатит менен ооруду дегенди билдирет. Кийинчирээк жылдан-жылга адамдын жашаган чөйрөсү таза болуп, билим деңгээли өсүп, тазалыкты кармап калышкандыктан, көп үй-бүлөлөрдөгү кичине балдар оорубай калышты. Акыркы кездери бул дарт менен чоңдор да ооруп жатышат. Аларда жаш балдарга караганда илдет оор өтөт. Мурду канап, денеси саргайып, көпкө чейин кетпейт. Мунун негизги себеби, жаштар чоңойгонго чейин боорго күч келтиргидей спирт ичимдиктерин ичип, туура эмес тамактануудан болууда.

-- Изилденбеген кан куюлганда илдетти жуктуруп алгандар кездешчү эле, азыр абал кандай?

-- Кан аркылуу жуккан вирустук гепатиттердин түрлөрү В, Д, С. Бул гепатиттер мурун төрөттөн көп кан кетип, операция учурунда шашылыш түрдө изилденбеген кан куюлганда ошондон оору жукчу. Кийинки жылдары кан куюу кескин азайды. Кан куйган учурда дагы аны аябай изилдеп, анан куюп калышты. Бирок, кан аркылуу жуккан гепатиттердин саны абдан көбөйдү. Себеби мурунку жылдары бир шприц көп жолу колдонулгандыктан ал аркылуу жукчу эле, азыр бир жолу колдонулуучу шприцтер пайда болду. Бирок ага карабай медициналык мекемелерде дагы гепатит жуктуруп алгандардын саны арбын болуп жатат. Аны жашыра албайбыз, айтканга милдеттүүбүз. Медициналык аппараттардан гемодиализди алсак, мында бейтаптын канын аппаратка куюп алып тазалап, куят. Ал аппаратты куюп алганда таза болот деп да эч ким кепилдик бере албайт.

-- Гепатит илдетин жуктуруу коркунучтарына дагы кененирээк токтолсоңуз?

-- Бейтаптардын көпчүлүгүнөн “бул оору сизге кайдан жукту, кандай ойлойсуз?” деп сураганыбызда, тиш дарыгерлерин айтып жатышат. Мунун канчалык чындык экенин аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүдөбүз. Бейтаптардын айткандарынын дагы жөнү бар. Азыр хирургия бөлүмүнөн, төрөт үйлөрүнөн жуктуруп алгандар азыраак болуп калды. Себеби алар мамлекеттик мекеме болгон үчүн көзөмөл жүргүзүлүп, дыкат текшерилип турушат. Ал эми стоматологиялык клиникалардын көбүнчөсү жеке менчик болуп калышты. Мындай жерлерде текшерүү солгун жүрөт деп ойлойм. Андан тышкары, жыныстык катнаш аркылуу жуктурушууда. Үй-бүлөдө эгер аял же күйөөсү ооруп калса, канында вирусу көп болсо, ал бири-бирине жугушу мүмкүн. Дагы бир маселе, илгери “сойкулук” дегенди уккан дагы эмеспиз.  Баңгизат, ийне колдонгондордун 80 пайызы да гепатит менен жабыркашат. Аларга “сага гепатит жугуптур” деп айткан менен деле дарыланышпайт. Себеби, баңгизат пайдалангандарга эл аралык фонддор көп жардам бергендиктен, аларга таянып алышып, өздөрү акы төлөп дарыланышпайт. Бул Кыргызстандагы чоң көйгөлөрдүн бири. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер